Menu

Султанбек Жоошбаев, ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы: “Курсан Асановдун жасаган иштерин “жосунсуз жорук” деп сыпайыраак айтып жатам”

Бөлүшүү:

Өлкөбүздөгү акыркы окуялар мени көп ойлонтуп, тынчымды алып келет. Ошондон  улам оюмду ортого салып, кесиптештерим менен жеке ой пикиримди бөлүшкүм келди.

Биздин эл байыркы эл болгондуктан, ата бабабыздын бизге калтырып кеткен бай мурасы бар. Ошол мурастарды унутпай, мыйзам катары карманып жашасак эч жаңылбайт элек. Бабалар айтат : “Дөөлөт деген тоголок, тоголонсо жоголот”-дейт, дагы –“Байлык менен бийлик колдун кири,бүгүн болсо эртең жок”- дейт. Ушул акылман сөздөрдү унутуп, бийлик үчүн, байлык үчүн жанталашканда эмне болорун турмуш тумшукка чаап көргөзүп жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев 6 жыл өлкөнү башкарып көнө түшкөн экен, бийликтен кеткиси келбей, Кой-Ташта жатып алып, өлкөгө дагы деле бийлик жүргүзгүсү келип: “Каалаган күнү ревалюция жасап жиберем!”-деп төшүн кагып туруп алды. Натыйжада 7-8 августагы дүйнөнү дүўгүрөтүп, кыргыз атуулдарын жер караткан окуялар болуп кетти. Бардык күнөөлүлөр өз жазасын алууга тийиш.

Дагы бир жүрөктү өйүп, намыска тийген нерсе генерал Курсан Асановдун жосунсуз жоруктары болуп жатат. Бул тажрыйбалуу милиционердин, билимдүү офицердин 8-августа жасаган иштерин жосунсуз жорук деп мен дагы сыпайыраак айтып жатам. Болбосо кылмыш-жаза кодексин беш колундай билген адам, өзүнө тапшырылган участокту таштап, ээнбаштык менен Министр өзү аткарып жаткан иш чарага жолтоо болуп, Атамбаев менен каадалуу кишиче сүйлөшкөнү, анан ал жердеги далил буюмдарды каалагандай кармалап, бир дагы акыл эстүү милиционер жасабай турган ишти жасап, тергөөнүн ишин татаалатканы абдан жагымсыз иш болуп, милициянын кадырына шек келтирди.

Биздин кызматтын кадыр баркын көтөрүү, анын эл алдындагы, мамлекет алдындагы абийрин таза сактоо эң маанилүү милдет болуп турган чакта, жогорку чиндеги офицердин бул кылыгын чыкынчылык деп эсептөөгө аргасыз болуп турабыз. Турмуш адамды бийлик мен бир сынаса, байлык менен дагы сынайт. Анан атак даңк деген да чоң сыноо бар. Бул сыноолордон кебелбей өткөндөр бар, Кудай берген ырыскыны көтөрө албай көпкөндөр бар. Адам көпкөндө өзүн жылдыз сезип, көчөгө батпай, жерге батпай чектен чыгып кетип, мүдүрүлөт. Эмнеси  болсо да кыргыз милициясы 7-8 августа дагы бир чоң сыноодон өтүп, чыйралды. Кимдин ким экени билинип, катарыбыз тазаланды. Жаштарга ойлонто турган сабак, тарыхка жазылган өчпөс барак болду. Ардактуу кесиптештер жана мекендештер! Бизди алдыда дагы далай сыноолор, толгон тоскоолдор күтөт. Аларды жеңип өтүү үчүн бизде бекем ынтымак, темирдей тартип, анан мекенибизге жандилден берилгендик зарыл. Бизде мунун баары бар экенине бекем ишенем. Сиздерди келе жаткан эгемендик күнү менен чын дилимден куттуктап, элибиздин коопсуздугун сактоодо силерге арбын ийгиликтерди, бекем ден-соолук жана узун өмүр каалайм.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: