-Белгилүү коомдук-саясий ишмер Феликс Кулов мурунку президент Аскар Акаевдин Кыргызстанга кайтып келүүсүнө шарт түзүп берүү демилгесин көтөрүп чыкты. Сиздин оюңузча революциялык жоол менен тактан түшүрүлгөн Аскар Акаевдин кыргыз жергесине кайтып келүүгө моралдык укугу барбы?
– Негизи, кээ бир мамлекеттердин президенттери бир жерге чогулуп, эли менен баарлашып турганы сонун көрүнүш экен. Экинчиден, кечиримдүү болуу бизге керек. Бийлик тараптан ал кишиге карата козголгон кылмыш иши жок, бирок кээ бир маселе боюнча суроолор бар, албетте. Ошондо маселе, Аскар Акаев өзү кантип келет? “Ооба мен ошондо үй-булөлүк башкарууга жол берген турбайымбы?”- деп, кемчиликти моюнга алдым деп келеби, же “мен баарын кыйраткам”- деп баатыр сымал келеби? Мен келгенине каршы эмесмин, негизи эле ушундай аттуу-баштуу адамдарга кайра кайтып келүүге коридор түзүп берсек, ал коридор мамлекетке кандайдыр бир салым кошуу менен коштолсо, жакшы болмок. Мисалы, карызды жабуу менен.
Булак: «Майдан»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ