Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев: Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болду

Бөлүшүү:

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулуу менен көптөгөн артыкчылыктарга ээ болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынында Кыргызстандын төрт жылдын аралыгында ЕАЭБке интеграцияланышынын жыйынтыктарын талкуулап жаткан учурда билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары экономикалык жана социалдык өңүттөн алып караганда белгилүү бир артыкчылыкка ээ болду.

«Эң башкысы – бул капиталдын, адамдардын жана товарлардын эркин жүрүшү. Албетте маселелер дагы болбой койбойт, бирок оң натыйжалар көп. Биздин негизги максатыбыз кыргызстандык ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү ишкерлер менен атаандаш болуусу үчүн ар кыл багыттагы мүмкүнчүлүктөрү болуш керек», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр учурда салыктык башкарууда бир топ маселелер бар деп кошумчалады. Анын айтымында, бул маселелер фискализацияны ишке киргизүү менен чечилет.

Кыргыз Республикасынын Экономика министри Санжар Муканбетов Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине интеграцияланышынын жыйынтыктыктары тууралуу маалымат берип, бул убакыттын аралыгындагы негизги жетишкендиктерге токтолду.

Өкмөт башчы өлкөнүн ички рыногун ирээтке келтирүү үчүн мамлекеттик органдардын ишин күчтөндүрүү керектигин жана бул багытта тиешелүү чараларды көрүүнү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Маалымдама:

2015-жылдан 2018-жылга чейин салыктык түшүүлөрдүн динамикасы туруктуу өсүштү көрсөтөт. Бул мезгилде салыктык түшүүлөр 52,6 млрд сомдон 79 6 млрд сомго чейин өскөн. Ошол эле учурда салыктык түшүүлөрдүн өсүү темпи 2015-2018-жылдарга карата орточо 111,3% түздү.

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 41,7 млрд сом салыктык жана бажы төлөмдөрүн жыйнаган жана 2015-жылга салыштырмалуу келип түшүүлөр 30,1% көбөйгөн.

ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнөн ташып келинген товарларга ташуу үчүн бажы алымдарынын көлөмү 2018-жылы 16169,7 млн сом түзгөн. Бул 2015-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 4,6 эсе жогору. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2018-жылы 7128,8 млн АКШ долларын түзүп, 13,9% өскөн.

2019-жылдын август айына карата ЕАЭБдин Бирдиктүү Реестрине Кыргыз Республикасынан сертификациялоо боюнча 14 орган жана 13 сыноо лабораториясы кирди. ЕАЭБдин техникалык жөнгө салуу тармагындагы кабардарт болууну жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурулууда.

2017-жылдын 1-июлунан тартып карантин алдындагы продукция ЕАЭБ аймагында бирдиктүү эрежелер боюнча жүгүртүлөт. Биримдиктин бирдиктүү документтерине кол коюу бүтүндөй ЕАЭБ аймагы боюнча товарлардын кыймылына тоскоолдуктарды четтетип, ишкерлердин ишин жеңилдетет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: