Menu

Аликбек Жекшенкулов, элчи: “Согушта тай атам талаадан жарадар жылкы таап алат да, аны союп, ачка олтурган жоокерлерге чучук, казы-карта кылып берет”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 7-майда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Улуу Ата Мекендик согушка барган өзүнүн чоң атасынын жана чоң тай атасынын согушта кандай күндөрдү өткөргөнүн эскерип жазып чыкты.

“Кыргызстандык Өлбөс полкунун жоокерлерин эскерүү

Медеркул Иманкулов – чоң атам, улуу ата мекендик согушта Ленинград фронтунда согушкан, 1943 жылы, оор жаракат алып, бутунан айрылып, үйгө майып болуп кайтып келген.
Жунушалы Куронов – чоң тай атам, “Дальневосточный” фронтто согушкан, согуш аяктаган соң мекенге аман-эсен кайтып келген.

Чоң атам менен, чоң тай атам экөө тең эрктүү, акыйкаттын таламынын талашкан, болоттой бекем чыныгы кыргыз элинин уулдары болгон, ошону менен бирге каардуу учурларды баштарынан өткөзүшсө да, экөө тең жайдары адамдар болуптур.

Медеркул атам, Ленинграддын алдындагы чабуулдардын биринде, жарадар кыргыздын өмүрүн сактап калып, ок учкан талаадан сүйрөп чыккан орус жоокерди эстей берчү, ал жоокер болбосо, кийинки кадырлуу жай турмушту көрбөй калмак экенин, ошол жоокерге ыраазычылыгын айта берчү…
Жунушалы чоң тай атам, согуштагы күңдөрүңдүн биринде кызык окуя болуптур: кокустан талаадан жарадар жылкы таап алат, аны союп, ачка олтурган жоокерлерге чучук, казы кылып берет. Өмүрүндө биринчи жолу мындай ширин деликатес жеген жоокерлер бир топко чейин таң калып жүрүшүптүр кыргыздарга.

Экинчи дүйнөлүк согуштагы муундун башынан кандай кана кыйынчылыктар өткөн жок – ачарчылык, жут, суук, өлүмдөр. Жүз миңдеген кыргызстандыктар мекенибиз үчүн өз өмүрлөрүн беришти, алар болбосо азыркы үстүбүздөгү тынч көк асман жана мамлекетибиздин эгемендүүлүгү болбойт эле.

Эч ким, эч качан унтулбайт! Элдик баатырларга таазим!”,- деп жазган Жекшенкулов.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: