Редакциябызга 4-5 айлык боюнда бар КТРКнын бир айымы көз жашын төгүп кайрылды. СЭИП деген КТРКнын бөлүмүндө 2013-жылы стажер, 2015-жылдын ортосуна чейин штаттан тышкаркы кабарчы, кийин штаттагы кабарчы болуусуна ошол жердеги З.О. деген бир “эр азамат” кол кабыш кылыптыр. Бул кызматы үчүн ал кызды “аялым менен ажырашам” деп алдап, боюна бүтүрүп койгон экен. КТРК жетекчилиги ал келиндин абалын угуп да койбой, амалкөй ангини калкалап жатканын айтып боздойт.
КТРКда кабинеттер ичиндеги ушундай ангилик менен баңгилик, ачкыл суу агызуу же упа-эндикчендер менен шилекейлешүү көнүмүш экенин Султан Жумагулов жетекчи болуп турганда ырастап, ага каршы күрөшүп жатканын айткан жайы бар.
“Коррупцияга бөгөт” көрсөтүүсүнүн кызматкерлери өздөрү пара алып соттошуулар жүрүүдө. Кесипкей жана чынчыл журналисттер, режиссерлор, операторлор “тойдум байдын кызынан” болуп басып кеткендер көбөйүүдө. Эл турмушун жалган көрсөтүү жагынан акаевчил Карыпкуловдун “кара жащигинен” бакиевчил Карыпбековдун “кара жащиги” ашып баратат.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ