Menu

Эмчек эмизүүнүн пайдасы

Бөлүшүү:

Эмчек сүтү – бала эмизген аялдын эмчеги иштеп чыгаруучу суюктук. Эмчек сүтү баланын алгачкы айларындагы баалуу тамагы.

Анын азык затынын курамы ушул жаштагы баланын тамак сиңирүү жана зат алмашуу өзгөчөлүгүнө туура келет. Бала төрөлгөндөн кийинки алгачкы 2-3 күн эмчек коюу, сары түстөгү суюктук – ууз бөлүп чыгарат. Уузда белок көп болот, ошондой эле май тамчылуу клеткалар да арбын. 4-7 күн өткөндөн кийин кадимки сүт бөлүнө баштайт. Аны микроскоптон караганда май бүртүкчөлөрү бирдей таралганы көрүнөт. Сүттө балага керек бардык азык зат жана витаминдер бар. Андан башка антитело (баланы ар кандай оорулардан коргоочу зат) жана ферменттер болот. Эмчек сүтү уй жана эчкинин сүтүнө караганда жеңил сиңип, баалуу. Эмчек сүтүнүн белогу өтө аш болумдуу, ымыркайдын ичегисинде жеңил сиңирилет. Майы оңой сиңүүчү эмульсия түрүндө болгондуктан ал толук сиңет. Андагы углеводдор өзүнүн азыктык касиетинен башка ичегиде микробдун өсүшүнө тоскоол болуп, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Эмчек сүтүндө, айрыкча кальций жана фосфор туздары жетишерлик болуп, баланын скелетинин калыптануусунда жана өөрчүшүндө мааниси чоң. Эне организмине түшкөн бардык зат эмчек сүтүнө келет. Ошондуктан бала эмизген аял тамактануу режимин толук сакташы керек. Баланы эмизгенден кийин, эмчекте калган сүттү саап таштоо сунуш кылынат.

Жаңы төрөлгөн балага кошумча тамак берүүгө болбойт. Көпчүлүк энелер ымыркай төрөлгөндөн баштап ар кандай суусундук жана кошумча тамак берүүгө аракет кылышат. Бул чоң катачылык. Жаңы төрөлгөн ымыркайдын ашказаны болгону 5-7 миллиметр суюктукту батыра алат. Эне дагы белгиленген өлчөмде гана ууз сүт чыгара алат. Бул ымыркайдын тамакка болгон талабына каралат. Болгону бат-бат эмизип туруу зарыл.

Баланы ууз сүттөн куру калтыруу туура эмес. Ууз сүт – табият берген эң уникалдуу тамак. Ал коргоочу зат катары ымыркайды ар кандай ооруларды чакырчу микробдордон сактайт. Эненин сүтү керектүү азыктын ролун аткаргандан сырткары баланын мээсин, ички органдарын, терисин, чачын, тырмактарын жана сөөктөрүн өстүрө турган пайдалуу заттарды камтыйт. Эч бир суусундук ууз сүттү алмаштыра албайт.

Балага чай берүүгө болбойт. Чайдын курамында балага керектүү азык жок. Ал тамактын курамындагы темирдин сиңишине тоскоолдук жаратып, аз кандуулукка алып келиши мүмкүн.

Эмчектеги сүт бузулат деп чочубагыла. Кээ бир энелер айрым себептер менен балдарын эмизбей калганда эмчектеги сүт бузулуп (ирип) калды деген ой менен сүтүн саап ташташат. Бирок сүт бала эмчекти ээмп жатканда гана клеткалардан бөлүнүп чыгат. Андыктан эч кандай ирип калбайт. Аялдар эмизүүнүн аралыгында клеткалардын сүткө толгонун сезишет. Бул сүт бездерде банкага куюлгандай даяр түрдө болот дегенди билдирбейт. Ошол эле учурда “сүт ирибейт турбайбы” деп көп эмизбей коюу да туура эмес. Себеби, сүттүн көлөмү азайып, акырындык менен байып кетиши мүмкүн.

“Эмчектеги сүт муздайт” деген да түшүнүк туура эмес. Бул жөнүндө биздин чоң апалар “кышында эмчектегик сүт муздап калат, ошондуктан сүттү жылытып туруп, анан эмизиш керек”- деп көп айтышат. Эмчектеги сүт “муздап калат” деп айткан да жаңылыштык. Себеби, сүт бездеринде көп сандагы кан тамырлар бар. Алар жылуу кан менен бирдей температураны кармап турат. Эне сүтү бала үчүн дайыма даяр. Аны жылытып же тазалоонун эч кандай кажети жок.

Баланы эмчектен эрте чыгарганга болбойт. Баласын эмчектен эрте чыгарган энелердин көбү «бала өзү эмбей койгондуктан чыгардым» деген пикирде. Тактап сурай келсең, адатта балага уйдун сүтүн берип баштагандан тарта ал эмчек эмгенден баш тарткан болуп чыгат. Алардын ою боюнча уйдун сүтү эмчек сүтүнө салыштырмалуу күчтүү жана майлуу. Эсиңиздерге салып кое турчу элдик лакап: “эненин сүтү – балага, уйдун сүтү – музоого”. Сүттүн бардык түрү өз тукумуна арналган атайы милдетти аткарууга тийиш. Башкача айтканда, уйдун торпогу космоско учууну, көптөгөн чет тил үйрөнүүнү, бактылуу, дени сак жашоодо өмүр сүрүүнү көздөбөйт.

Баланын курсагын интернетке тапшыргандар. Учурдагы энелер баланы туура тамактандыруу тууралуу маалыматты интернеттен окуп, дарыгерлерден кеңеш алуу үчүн эмес, өздөрүнүн  билимдүүлүгүн көргөзүүгө келишет. Энелер кандай гана жардамга муктаж болбосун, медицина кызматкерлеринин кеңешин алуусу дурус болот.

Малдын сүтүн ченемден ашыкча берүүгө болбойт. Балага бир жашка чейин сүттөн жасалган азыктарды бергенге болбойт. Бул ымыркайдын ичеги-карыны жана бөйрөктөрү үчүн зыян. 6 айдан кийин боткого уйдун сүтүн кошуп берүүгө мүмкүн. Эки жаштан кийин малдын сүтүн күнүнө 2-3 маал ичиргенге болот. Ошондо да сүт баланын тамагына кошумча азык катары гана берилиши керек. Кичинекей баланын ашказаны күн сайын эт, балык, жаңгак, жер-жемиш, мөмө-жемиш азыктары, буурчак жана сүт азыктары сыяктуу түркүн тамактарды жегенге ылайык.

Кумүшай Момбекова, дарыгер-падиатр, №93 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборү

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: