Бүгүн, 29-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда мурунку президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Икрамжан Илмияновдун 150.000. доллар пара алгандыгы боюнча кылмыш ишин кароо башталбай жатып токтоду.
Анткени прокурорлор бүгүн сотко көрсөтмө бере турган жабырлануучу менен күбөлөрдүн сотко келишин камсыз кыла алышкан эмес.
Ошондуктан сот отуруму 4-сентябрга жылдырылды.
Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл февралда тергөө кызматы Икрамжан Илмиянов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бир жеке менчик фирманын камакка алынган жүк ташуучу унааларын чыгарып, ал боюнча козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн $150.000. пара алгандыгын аныктагандыгын КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирген.
Бүгүнкү сотто байкалгандай, бир кездеги Алмаз Атамбаевдин оң колу Икрамжан Илмиянов абакта арыктап, чачы тармалданып, жашара түшүптүр…
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ