Menu

Өзбекстанда акимдин орун басарына өрт койгон ишкер эркиндикке чыкты

Бөлүшүү:

Быйыл июль айында Кашкадарыя облусунун Яккабаг районунда акимдин орун басарына өрт койгон ишкер эркиндикке чыкты.

Ишкер Бахриддин Исомов соттук-психологиялык экспертизанын негизинде абактан чыкканын билдирди. Психологдор ал акимге “аффект абалында” кол салган деген бүтүмгө келишкен. Натыйжада ага тагылган айып жеңилдетилген.

Бахриддин Исомов мурдагы аткаминер анын үйүн түрттүрүүгө аракет кылганы үчүн кечирим сураганын билдирди:

– Ал менден кечирим сурады. Мен да андан кечирим сурадым. Бири-бирибизди кечирдик. Азыр баары жакшы.

20-июлда Кашкадарыя облусунун Яккабаг районунда жергиликтүү ишкер насыяга курулган эки кабаттуу үйү менен цехин сактап калууга аракет кылып, акимдин орун басары Мансур Туймаевге бензин чачып, өрт койгон.

27-июлга оогон түнү Хорезм облусунун Ургенч районунда түрттүрүлгөн үйлөрү үчүн убадаланган компенсацияны талап кылып, миңдеген адам Ургенч-Хазарасп унаа жолун торошкон.

Бул эки окуядан кийин бир катар жергиликтүү аткаминерлер жазаланган. Мындан тышкары район башчысынын орун басары Мансур Туймаевге каршы кызмат абалын кыянат пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Августтун аягында райондук администрация ишкер Бахриддин Исомовдун турак жайын бекер ремонттоп бергени белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 12 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: