Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев 2017-жылы Нариман Түлеевден айыппул катары бааланып, мамлекеттин менчигине алынган Бишкектин Москва көчөсүнүн N191-үйүндө жайгашкан 8 жаңы квартираны жалган документтер менен жөнөкөй жарандарга сатып, алардан аванс катары 305 миң доллар алып, анан качып кеткен. Бул тууралу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 1-сентябрда Бишкек мэриясынын жогоруда аталган башкармалыгын башчысы Нурдин Тынаев бул факты боюнча өзүнүн кызматкеринин үстүнөн арыз жазып милицияга кайрылган. Андан кийин милиция Эрик Ашыралиевге издөө жарыялаган.
Ошол эле күнү акчасын Эрик Аширалиевге алдаткан дагы 4 жаран милицияга арыз менен кайрылышкан.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ