“2016-жылы Атамбаев менен чабышып жатканыбызда эле белгилүү болуп калган, эптеп бир шылтоо таап, бизди камасак дегени”, – деп билдирди бүгүн, 2-сентябрда Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери менен жолугушуп жатып.
“Мага, Алманбетке, Аидага Белизгейт деген ишти токуп, олтургузабыз деп калганда мен трибунадан сөз сүйлөп, депутаттардын көзүнө карап: “Эй Иса, чоогу болбодук беле? Эй Чыныбай, дос эмес белек? Адилет бир сөзүңөрдү айтып коёр бекенсиңер деген ниетте “биз сынбайлык, Конституция сынбасын” деп, айтканым менен иш жүзүндө “колдоп койгулачы туугандар” деп ушинтип сурап турдум да. Азыр аны Ютубдан да көрсөңөр болот. Бирөө да былк этпеди да. “Туура эмес болуп атат” депчи”, – деди Текебаев.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ