Menu

Текебаев мыйзамды тебеледиби?

Бөлүшүү:

Өткөн аптанын урунттуу жаңылыгы “Ата Мекен” партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сот залынан бошотулганы болду окшойт. Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп үй камагына чыгаран болчу. Өмүрбек Текебаев сот залынан чыккандан кийин тарапташтарынын алдында жалындуу сүйлөп, соттун имараты эле эмес, судьялардын жан дүйнөсү да жаңыланышы керек. Аларда жаңы салт, жаңы норма, принциптер пайда болушу шарт. Ошондо гана сот реформасы жүрөт. Ага жарандардын салымы чоң. Ар бир район, айылда туура эмес ишке каршы чыкса соттор туура чечим чыгарганга мажбур болот, деп айткан. Көптөр анын үй камагына чыкканын эркиндикке чыккандай эле кабыл алып, атамекенчилердин “майрамдоосу” менен коштолгон. Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу сот иши 14-сентябрга белгиленгенине карабай, үй камагы таза эркиндик эмес экенин эске албаган тарапташтар , анын аддыдагы саясий жүрүштөрүнөн сурап, кийинки кадамдарына кызыгышкан.

Текебаев менен Чонтонов ушул тапта өздөрү туулуп өскөн кичи мекендеринде жүрүшкөнү- айкын болууда. Жакындары, ата-энеси менен жолугуп келүүсүне эч ким деле каршы эмес, бирок Текебаев “сагынын” калгандай, кайсыл бир партиялык шайлоодогу атаандаштык учурдагыдай, айрым айылдарды кыдырып жүргөнү мыйзамдык сыйлабастык болуп калган жокпу(?) деген тараптарды пайда кылды. Ушул тапта саясатты, мыйзамды мыкты билген тараптар үн ката элек. Алардын эркиндиги, элдин эркиндиги болуп кетсе да майрамдабай кала берсе үй камагынын эрежелерин сактап эл кыдырбай турушса не? Ал ортодо Биринчи май райондук соту Текебаевдин 4 күн бою ээн эркин жүрө аларын, аны апасы ооруусуна байланыштуу Бишкекке келе албасы менен түшүндүргөнүн жазып чыгышты.
Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: