Menu

Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу айыбы менен соттолгон өзбек милиционери Трамптан жардам сурады

Бөлүшүү:

Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу айыбы менен соттолгон Фергана шаарынын ички иштер бөлүмүнүн мурдагы башчысы, милициянын майору Дилмурод Мадалиев АКШ президентине кайрылып, кылмыш ишин кайра кароого жетишүүгө жана акталууга жардам берүүнү сурады.

Дилмурод Мадалиев Дональд Трампка 19-августта кат жазган. Ал мындан мурун “Өзбекстандын укук коргоо жана сот органдарына 300 жолу кайрылганын, бирок жооп болбогонун” билдирди.

Буга чейин Өзбекстандын Жогорку соту анын ишин кайра карап чыгууга негиз жок экенин маалымдаган.

Дилмурод Мадалиев 2011-жылдын башында Фергана шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Бирок ошол эле жылы май айында “Мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу” шеги менен кармалган. Кийинчерээк сот аны сегиз жылга түрмөгө кескен. Алты жылдан кийин эркиндикке чыккан.

Мадалиев кол алдындагылардын бирине жашыруун документтерди уруксатсыз көрсөтүүгө айыпталган. Бирок ал Фергана шаардык ички иштер бөлүмүндө эч кандай жашыруун документтер болбогонун, жалган жалаанын курмандыгы экенин айтат:

– АКШ Өзбекстандын укук коргоо жана сот органдарына материалдык жардам берет. Мен бул жардам реформа жүргүзүлгөндө жана укук коргоо органдары ачык-айкын иштей баштаганда гана берилиши керек деп эсептейм. Мен Дональд Трампка жолдогон катымда дал ушул өңүттөргө көңүл бурдум.

АКШнын Ташкенттеги элчилигинин кызматкери Трампка жазылган каттын автору майрам күндөрү бүткөндөн кийин билдирүү аларын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: