Menu

Турсунбек Акун, экс-акыйкатчы: “Демократия да мыйзамдуулукту сүйөт. Атамбаевди колдогондор анын бал сөзүнө ишенип калышты”

Бөлүшүү:

– Турсунбек мырза, коомчулуктун сынын эске алып, Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссиянын катарынан чыктыңызбы же комиссиянын курамынын чыгышыңыздын башка да сыры барбы?

– Сыры деле жок. Бирок, үч себептен улам Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссиянын курамынан чыктым. Биринчиси, Батукаевдин иши боюнча күбө катары өтүп жатам. Бирок, ошого карабастан менин атым да күнөөлөнгөндөрдүн катарында айтылып жүрөт. Ошон үчүн аталган комиссиянын курамынан чыктым. Буюрса, тергөө аяктап калды. Иш сотко өтсө, Батукаевдин иши ары же бери болот. Бул иш ары же бери болгуча комиссиянын курамына киргеним этикага да туура келбей калат. Ошол жагын да эске алып, комиссиянын курамынан чыктым. Бети тултуктар болсо, мындайга деле карабай катыша бермек. Андай кылганга менин абийирим жол берген жок.

Экинчи себеби, 2013-жылы Акыйкатчылык кызматтан негизсиз алынгам. Бирок, ошол кезде эле Батукаевди чыгышына шарт түзгөндөрдүн эң негизгиси Атамбаев экенин айтып чыккам. Атамбаев менен жоолашып, каршылашып жаткан адам катары комиссиянын мүчөсү болгонго болбойт деген критерийге таяндым. Анткени, комиссиянын мүчөсү бардык ишке калыс караган адам болуш керек деген ойдо болдум.

Үчүнчү себеби, айрым адамдар “Турсунбек Акун катышкан комиссия жана президенттин кол тийбестигин алган депутаттардын комиссиянын курамына киргени күмөн жаратат. Ал комиссиянын жыйынтыгына ишенүүгө болбойт”- деген сындар айтылды. Менин фамилиям Кой-Таштагы окуяны иликтеген комиссияга көлөкө түшүрбөсүн деген таризде комиссиянын курамынан чыгуу чечимин кабыл алдым. Мен бул аракетим менен басма сөз беттеринде жарыяланган сындан да туура жыйынтык чыгарса болоорун көрсөткүм келди. Анткени, бир ишке күнөөлөнүп жаткан адам өзү тазаланмайынча башка комиссиянын курамына кирбеши керек.

– “Бийлик камаганга күчү жетпейт” деген Атамбаев да камакка алынды. Эми анын тагдыры кандай болот?

– Менин оюмча анын тагдыры оор эле болот. Ага 15 берене менен иш козголуп, күнөөлөнүп жатат. Башта 6 берене менен кылмыш иши козголгон. Батукаевден башкасы анчалык деле оор эмес болчу. Кийинки коюлган беренелер чыны менен оор болуп калды. Адам өлтүрүү, барымтага алуу, курал колдонуу деген беренелер аны оңой менен жоопкерчиликтен куткарбайт. Өкүнүчтүүсү, Атамбаев өз билгенимди кылам дебей коомчулуктун, санаалаштарынын, мурдагы досторунун пикирин укса, алардан туура жыйынтык чыгарса мындай болмок эмес. Тилекке каршы, тергөөгө келбей койгонун кесепетинен канчалаган адамдар жабыркап, өзүнүн да тагдыры оорлоду. Анын өз билемдигинен бир күч органын кызматкери окко учуп, кырчындай болгон жаш жигит комадан чыга албай жаткан трагедия орун алды. Эми Атамбаев жоопко тартылып, кандай болгон күндө дагы камала турган жагдай жаралды. Өкүнүчтүүсү, Атамбаев бул аракеттери менен демократ эмес, кекчил экенин көрсөттү. Текебаев соттолуп чыкса да, “Атамбаевди кектеп, өч алайын деген оюм жок” деп ачык айтты. Акаев беш жыл каматса да, Кулов Акаевди кечирип, Кыргызстанга келе берсин деген демилге көтөрдү. Атамбаевде ошол сапат болбогон үчүн ушундай трагедиялуу күнгө туш болду.

– Сиз да комиссиянын курамынан чыкпаганыңызда Атамбаевден өч алуунун айласын кылып, бир жактуулукка жол берет белеңиз?

– Эгер комиссиянын курамынан чыкпаганымда мен да өч алам деп убара болбойт болчумун. Анткени, мен демократмын. Кандай маселе болсо да, калыс кароого аракет кылам. Демократтар өч алганга эмес, кечиримдүү болууга жөндөмдүүбүз.

– Текебаевдин камактан чыгып, саясий кырдаалга берген баасы орунду эле болуп жатабы?

– Текебаев чыгып жакшы иш болду. Анын эл менен жолугушкандагы сөздөрүнүн, кайрылууларынын баары орундуу болуп жатат. Атамбаев аны канчалык сындырууга аракет кылса да, бир жактуу каралабай, калыс пикирин айтып жатат. Текебаевдин азыркы кырдаалга берген бааларынын баары орундуу, жөндүү болуп жатат. Кыйынчылыкты көргөн адам катары баарын терең анализдеп, туура баа берүүдө.

-Азыр Атамбаевчилер репрессияга туш болгондой түр көрсөтүп жатышат. Азыркы бийлик атамбаевчилерди гана камоо менен алек болуп жаткан жокпу?

– Чынында Атамбаевдин камалышына, анын мыйзамсыз иштерге баруусуна, Кой-Таштагы өз билемдигине курал колдонуусуна, элди шит кылып колдонушуна тиешелүү адамдар камакка алынды. Адамдар мыйзамсыз кадамга барса, бирөөнүн аброюна шек келтирсе, бирөөгө зыян кылса ар бир адам жоопкерчиликке тартылат. Демократия демократия менен. Бирок, демократия да мыйзамдуулукту сүйөт. Бул жагынан алганда куугунтук дешке окшобой калат. Атамбаевдин бал сөзүнө ишенип, анын харизмасына алдангандар азыр жапа чегип жатышат. Туугандары, жердештери анын бал тилине алданып калышты.

– Эмнеге Каптагаев дооматым жок, мени барымтага алууга Садыр Жапаровдун кылдай да күнөөсү жок деп Башкы прокуратурага кайрылганына карабай башкага колдонулган амнистия Садыр Жапаровго колдонулбай жатат?

– Негизи Садыр Жапаров күнөөсү жок болсо да, камалып жатат. Анын ак жеринен камалганы Атамбаевдин доорундагы адилетсиздиктин бир элесин чагылдырат. Бийлик Садыр Жапаровдун ишин карап, чыгаруунун жолун издеши керек. Бирок, анын адвокаты да Садыр Жапаровдун ишин ашкере эле саясатташтырбай укуктук жагына маани берип, актатып, түрмөдөн чыгарып кетүүнүн жолун табышы керек. Текебаевдин адвокаттары саясаттан алыс болуп, укуктук жактан аракет кылышканы үчүн Текебаев менен Чотоновду чыгарып алышты. Шарабидин Токтосунов да Садыр Жапаровду ошондой аракет менен эркиндикке чыгарып алышын каалайт элем.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 98

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: