Menu

Видео – ИИМ: Эки жаранды ырайымсыз ур-токмокко алуу фактысы боюнча тергөөчү, Тергөө кызматынын начальниги жана шектүүлөрдүн агасы, милициянын майору кызматтарынан айдалды

Бөлүшүү:

“Жал” кичирайонунда эки адамды ур-токмокко алган факты боюнча азыркы учурда ички иштер органдары тарабынан ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Жогоруда көрсөтүлгөн факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин “Өлтүрүү үчүн кол салуу” беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүүдө. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Ички иштер министрлиги күнөөкөрлөрдү мыйзам боюнча жоопко тартуу боюнча чараларды көрүүдө. Кылмыш сотко чейин иликтенип, аталган факты ички иштер министринин көзөмөлүндө. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жогорудагы фактыга жана милициянын кызматкерлеринин иш-аракетине кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Тергөөчү тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругунун талаптары одоно бузулган, анда кызматка төмөнкүдөй тапшырмалар коюлган: кылмышты ыкчам жана толук иликтөө, кылмыш жасагандарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу, мыйзамды туура колдонуу.
ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ленин РИИБдин ШМБ-2 тергөөчүсү А.К., Ленин РИИБдин ШМБ-2 тергөө кызматынын башчысы Б.А. ээлеген кызматтарынан бошотулду, андан сырткары ИИОнун Тартиптик уставынын талаптарын бузуп, функционалдык милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Ленин РИИБдин ШМБ-2 нөөмөт бөлүгүнүн тескөөчүсү Ж. у Т. менен нөөмөтчүнүн жардамчысы Б.К. ар бирине катуу сөгүш жарыяланды. ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан шектүүлөрдүн биринин байкеси, Чүй ОИИББдин КМКнын ыкчам ыйгарымдуу өкүлү Б.К. аттуунун иш-аракетине кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, анын аракети кылмышты жаап-жашыруу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу катары бааланууда. Жеке кызыкчылыгына түздөн-түз тиешеси бар маселени чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдалангандыгы үчүн Чүй ОИИББдин КМКнын кызматкери, милициянын майору Б.К. аттуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан айдалды. Чүй ОИИББдин КМКнын кызматкери, милициянын майору Б.К. аттууга карата материал Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана 348-беренеси (Кылмышты жаап-жашыруу) менен КЖБРге катталды.
Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү издөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмыш ишине шектелгендердин өздүгү такталды: 1985-жылы туулган Бапышов Жаныбек Сейитбекович менен 1999-жылы туулган Сейитбеков Калысбек Сейитбекович. Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама шектүүлөрдүн ата-энелерине тапшырылды.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогорудагы шектүүлөрдүн кайда экендигин аныктоо жана кармоо боюнча тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Төмөндө бул кылмыш боюнча милиция тарабынан издөөгө алынган бир туугандар Калысбек Сейитбекович Сейитбеков менен Жаныбек Сейитбекович Бапышов:

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: