Menu

“Милицияга келип, саап ичип турганга уй алып берчи” деген адамдар да болот”

Бөлүшүү:

Баткен ОИИБнын Лейлек РИИБдин Кулунду айылдык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын ага лейтенанты Буриев Алишер Абдукадырович менен өзү тейлеген аймактагы абал туурасында маек курдук. Каарманымдын аткарган кызматы оор, ары түйшүктүү экени ырас. Ошентсе да аткарып жаткан иши менен сыймыктанып, элге аз да болсо пайда келтирсем деген изги тилеги жүрөктү жылытса, башынан өткөн айрым окуялары аргасыз күлкүгө чулгап жатты.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагы, райондун борборунан 40-50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кулунду айыл аймагынын батыш тарабы коңшулаш Тажикстан менен чектешип турат. Аталган айыл аймагында кыргыз, өзбек, тажик улутундагы Кыргызстандын жарандары жашап келишет. Алишер ошол аймакта милициянын аймактык өкүлү болгондуктан, баардык жаңылыктарга күбө болуп, ар кандай тартип бузууларды кезөмөлдөп тураарын айтты. Жергиликтүү милиция кызматкерлери, жаштар комитеттери жана айыл аксакалдары менен биргеликте иштеп, Кулунду айылынын дүкөндөрүндө спирт ичимдиктерин сатууну жоюп салышкан. Спирт ичимдиктерин сатылбай калгандан бери күн өзүнүн уясына кирип, түн өкүм сүргөндөн баштап айылдын ичи тынч болуп, анча-мыча мастардын ызы-чуусунан арылып калышкандыгына айыл эли ыраазы. Алишердин айтымында ичкилик көп ичилбеген айылдарда эл менен милиция кызматкерлеринин ортосунда жакшы мамиле болуп, кылмыштын алдын алуу иш-чаралары да жакшы натыйжада жүрүп турат. Арийне, ичимдик сатылбай калса эле кылмыш болбой калбайт. Ошондуктан Кулунду айыл аймагынын милиция кызматкерлери эрктерин бошотпостон дайыма кызмат өтөгөнү өтөгөн.

Кулунду айыл аймагы сез башында айтылгандай көп улуттагы элдерден тургандыктан Алишер кесиптештери, жетекчилик менен биргеликте улут арасында жаңжалды болтурбоого аракет кылып, элге дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алек болушат. Тажик мамлекети менен чектешип тургандыктан элдин көпчүлүгү Тажикстанга кирип чыгуу менен күн өткөрөт. Кимдир бирөөлөрдүн туугандары чек аранын аркы тарабында жашап калышкан же болбосо тажик тараптан мөмө жемиш, кийим кече ташып соода кылып жан баккандар аз эмес. Мындай учурларда эки элдин досчулугу эң маанилүү. Андыктан милиция кызматкерлери Тажик милициясы менен биргеликте эки элдин досчулугун чыңдаган түшүндүрүү иш чараларды көбүрөөк алып барганга басым жасалып турат. Анткен менен адамдан амал качып кутулбайт дегендей кылмышкерлер мындай шартты жеке кызыкчылыктарына пайдаланышып, бирде коңшу тажик тарапка бирде кыргыз тарапка өтүп, изин суутуп кеткен учурлар да кездешет. Ошондон улам Кыргыз-Тажик милицияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында да көп кылмыштардын бети ачылып тураары чынык.

Азыркы учурда милиция кызматкерлеринин элге карата жардамы өз багытында түзмө-түз тийип жатса дагы, айрым учурларда милиция кызматкери башка кесиптин ишин аткарууга туура келип калат. Бул турмуш чындыгы экенин тана албайбыз. Маселен өрт өчүргүчтүн, куткаруучунун, атургай дарыгердин да милдетин аткарган учурлар жок эмес. Эң кызыгы айыл жергесинде өз малына түзүктөп көз салбай, талаадан жоготуп жиберишип,  милицияга кайрылган учурлар да байма-бай кездешет эмеспи. Мындай учурларда милиция кызматкерлери мал издөөчү да болуп кетишет.

Алишер башынан өткөн окуялардын бирине токтолуп, анда ары күлкү келээрлик, ары арганы кетирээр абалга тушукканын айтат. “Иш күнү болчу, формачан элем. Бир айылды аралап кетип бара жатсам бир орто жаштан өтүп калган эже чакырып калды. Мен жаныра басып барсам, “Айланайын балам үйдө кызым менен күйөө балам катуу урушуп жатат, барып экөөнүн урушун басып, элдештирип койчу”,-деп суранып калды. Чынымды айтсам мен эмне дээримди билбей калдым. Ошол маалла жаңы гана ишке орношком. Өзүм жаңы эле милицияга кирип иштеп жатсам, ал экөөнө жашоо жөнүнде акыл айтып, жараштырып жиберүү деген эмне. Же үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болуп, жашоодо тажрыйбам болсо бир жөн. Айла жок, форма кийип милиция кызматкери болгондуктан кырдаалдан чыгыш керек да, кабакты катуу бүркөдүм дагы урушуп жаткан кызы менен күйөө баласынын үстүнө кирип барып, экөөнү эптеп тынчтандырдым. Экөөнө болгон акылымды айтып, эми бир ызы-чуу чыгарса айылдагы аксакалдарды чакырып, болуп жаткан жагдайды ортого салып, талкууга коерумду айтып чыгып кеттим. Эшикке чыксам мени чакырган эже ырахматын айтып, анан мага кайрылып – балам, эми бизге бир уй алып берип койсоң чоң жардамың тийет эл, саап ичип турганга” дейт. Мен эмне дээримди билбей, макул аракет кылайын деп басып кеттим. Менде каяктагы уй алып бермей. Өзүмдүн айлык маянамды эптеп араң жеткирип жүргөнүмдө. Акыркы учурда, ошол урушуп жаткан үй-бүлөнүн бирге жашап жатканын көргөнүмде, мен милиция кызматкери болуп форма кийип жүргөнүмө сыймыктанып калам” – деп күлүп сөзүн аяктады.

Алишердин өзү жөнүндө айта кетсек, бир үйдүн улуусу, эки карындашына ага болуп, ата-энесинен кийин аларга баш көз болуп келет. Милиция кызматкери болуп калганына ата-энесинин салымы чоң. Анткени Алишер өзү киченесинде келечекте милиция кызматкери болорун ойлонгон да эмес. Өспүрүм куракка жетип калган учурда атасы «Мен сени милиция кызматкери кылгым келип жүрөт» – деген сезүнөн кийин Алишердин милиция кызматкеринин ишине, формасына кызыгуусу ойгонуп баштаган. Ошондон улам Алишер мектептеги окууну аяктаган соң, ИИМдин генерал-майор Э. Алиев атындагы Академиясында окуп баштаган. Академияны аяктап эң биринчи жолу жумушка киргенинде өзүн жоготуп сүрдөп жүргөнүн жашырган жок. «Эң башкысы жаңы келген муунга, мурун иштеген, тажырыйбасы чоң агалар өзүнүн билген тажрыйбасын бөлүшүп колдоо көрсөтүп турушса андан кийинки ишти алып кетүүгө шарт түзүлөт. Ата-энем менин ушул кесиптин ээ болуума кичинемде багыт беришти. Мен өзүм да бул кесипти жактырып тандап алдым. Эми жакшыбы, жаманбы милиция тармагын тандап алгандан кийин, өзүмдүн ишимди так жана убагында аткарганга аракет кылып, ушул кесиптин сыймыктуу ардагери болсом деген кыялым бар» – дейт каарманым.

Данислан Асамидинов

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: