«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри Алымкулов Эмилбек Абдыраимович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ