Кечээ, 10-августтан баштап Кыргызстан, Түркия жана Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда аба каттамы жанданды.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Россиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Сургут, Иркутск жана Красноярск шаарларынын ортосунда чартердик рейстер бар.
Азыркы учурда, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда үзгүлтүксүз каттамдарды калыбына келтирүү маселеси боюнча, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, 14-сентябрдан тарта Өзбекстан менен аба каттамы жанданат. Ташкентке учактар дүйшөмбү күнү учат. 17-сентябрдан баштап Казакстан менен учактар жумасына эки жолу каттайт.
2020-жылдын 10-августунан баштап төмөнкү каттамдар боюнча үзгүлтүксүз каттамдар жүрөт:
“Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы;
Бишкек – Стамбул – Бишкек – жумасына 2 жолу.
Бишкек – Анталия – Бишкек – жумасына бир жолу.
“Түркиялык авиалинии” авиакомпаниясы;
Стамбул – Бишкек – Стамбул каттамы боюнча – жумасына 4 жолу.
“Пегасус Эйрлайнс” авиакомпаниясы;
Стамбул – Бишкек – Стамбул каттамы боюнча – жумасына 4 жолу.
Анталия – Бишкек – Анталия каттамы боюнча – жумасына бир жолу.
“Флай Дубай” авиакомпаниясы;
Дубай – Бишкек – Дубай каттамы боюнча – жумасына 3 жолу.
“Эйр Арабия”авиакомпаниясы;
Шарджа – Бишкек – Шарджа маршруту боюнча – жумасына бир жолу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ