Menu

Нариман Түлеевдин мамлекетке өткөн 8 квартирасын $305 миңге сатып чет өлкөгө качып бараткан Бишкек мэриясынын кызматкери чек арадан кармалды

Бөлүшүү:

Ишемби, 7-сентябрь күнү Бишкек милициясы менен Баткен милициясынын кызматкерлери биргелешип, Нариман Түлеевдин мамлекетке өткөн 8 квартирасын $305 миңге сатып чет өлкөгө качып бараткан Бишкек мэриясынын кызматкери Эрик Ашыралиевди чек арадан кармашты. Бул тууралу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Эрик Ашыралиев Нариман Түлеевдин 8 квартирасынан башка да алдамчылык операцияларын жүргүзүп, жалпысынан $583 миң доллар жыйнап, Шадиев салган жол менен Баткен аркылуу Тажикстанга өтүп, андан ары Түркияга качмак болуп бараткан жеринен кармалды.

Эсиңиздерге сала кетсек, Бишкек мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев 2017-жылы Нариман Түлеевден айыппул катары бааланып, мамлекеттин менчигине алынган Бишкектин Москва көчөсүнүн N191-үйүндө жайгашкан 8 жаңы квартираны жалган документтер менен жөнөкөй жарандарга сатып, алардан аванс катары 305 миң доллар алып, анан качып кеткен.

1-сентябрда Бишкек мэриясынын жогоруда аталган башкармалыгын башчысы Нурдин Тынаев бул факты боюнча өзүнүн кызматкеринин үстүнөн арыз жазып милицияга кайрылган. Андан кийин милиция Эрик Ашыралиевге издөө жарыялаган.

Ошол эле күнү акчасын Эрик Аширалиевге алдаткан дагы 4 жаран милицияга арыз менен кайрылышкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: