Menu

Чиркешович чычаладыбы же Чыныбай чын айттыбы?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ата Мекен” партиясынын үй камагына чыккан лидери Өмүрбек Текебаевдин эл менен жолугуп, айткан сөзүнө теригип жооп кайтарды. Ал абактан чыккан саясатчынын абалын түшүнүү менен кабыл аларын, Текебаев камакка алынган соң анын таламын талашам деп партиядагы партбосстор мамилеси бузулганын, Чиркешович тууралуу позициясы командамдасына белгилүү болгондугун, ал кезде Текебаевдин өзүнүн командасынын айрым мүчөлөрү качып калганын, Текебаев үчүн партиялаштары менен жаман-жакшы көрүнүп калганын, ошол кезде Чыныбай Чиркешович деген каймана атка конгонун айтыптыр. Жогорудагы Чыныбай Чиркешовичтин келтирген аргументтерин ошол кезде Текебаев анча аңдабай калганбы же бул актануубу? Төмөндө Текебаевдин айткан сөзүн келтиребиз.

– 2016-жылы Атамбаев менен чабышып жаткан учурда бизге эптеп шылтоо таап камасам дегени белгилүү болгон. Ошондо мен трибунадан сөз сүйлөп жатканда “Иса мурда чогуу болбодук беле, ай Чыныбай дос эмес белек. Колдоп койгула”, – деп кайрылгам. Алардын бири да туура эмес болуп жатат деп айткан эмес” – деген Текебаев.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекени партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов “орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды” деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 + = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: