Кечээ, 10-сентябрь күнү Түштүк Кореянын Конкук Университетинин ректору Сангги Мин мырза менен Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелованын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап айыл-чарба, саламаттык сактоо жана эл аралык мамилелер чөйрөлөрдө aдистерди даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун жана Конкук Университетинин ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Бул багыттардын факультеттери Конкук Университетинде мыкты болуп саналат.
Өз кезегинде Элчи Динара Кемелова бул окуу жайдан Кыргыз студенттери үчүн стипендия берүү боюнча көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди. Эки тарап кыргыз-корея медициналык борборун түзүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн да талкуулашты.
Маалымат үчүн: Конкук Университети Корея Республикасынын 10 мыкты жогорку окуу жайларынын ичине кирет. Университеттин алдында 58 изилдөө институт, 16 колледж жана 13 мектеп бар. Мындан тышкары, Университеттин жеке ооруканасы бар.
—
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ