Menu

Жамин Акималиев, коомдук ишмер: “Министр Чодуевдин баштаган иштери, багыты жакшы нукта баратат”

Бөлүшүү:

Суусамыр өрөөнүндө 8-9-сентябрда тынымсыз жааган жамгырдан кийин кар жаап, эгин талааларын басып калды. Өрөөндө жалпысынан 5 миң гектарга жакын аянт кар алдында калды. Бул баягы эле карапайым калктын башына тушкөн мүшкүл, кайгы болду. “Кандайдыр бир жол менен мунун алдын алса болот беле?” деген суроо менен академик, Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору Жамин Акималиевге кайрылдык.

– Жамин агай, 5 миң гектардай эгин кар алдында калды. Элге өтө чоң зыян алып келди. Эми ушуну алдын алса болот беле?

– Суусамыр өрөөнү негизинен дан эгиндерин сепкенге ыңгайлуу эле. Мурда сээп деле келгенбиз. Бирок, ал кезде Суусамырдын борборунда «машина мал чарба станциясы» болор эле. Ошол жерде техника, адистер жетиштүү болчу. Малчылар үчүн ашкана, клуб  баарын түзүп тейлеп берчү. Ал кезде деле эгин жыйнала электе кар жаап салган учурлар болчу, бирок аз болчу. Азыр эгин жыйылбай ушул убакка чейин кеч калганынын себеби, эгинди кеч сээп коюп жатышат. Кеч сепкенде Суусамыр тургай кээде Кочкор, Жумгал тарапта деле үшүк алган күндөр болот. Май айында, майдын ортосунан кийин себишет. Андай болбойт. Чындыгында эртерээк, апрель айларында айдап-себүүнү бүтүп койсо, эрте бышып, эрте чаап алууга болот. Андай суук жерлерде агротехниканы аябай колдонуш керек. Ал үчүн эртерээк себиш керек.

Азыр болсо чаржайыт, ар ким өз билгенин кылат. Чынын айтканда, Суусамырдын шартына буудай себүүнү ойлобош керек. Буудай болбойт. Ал жерде эң мыкты өсө турган дан эгини бул – арпа. Арпа, чөп сээп, чөптү чаап алчубуз. Арпа сөз жок жакшы сугарылчу. Азыр сугарылбай да калат. Сугарган жерде түшүм көп болот. Кыскасы, биз жерди шартына жараша ылайыкташтырып, ошого жараша чара көрчүбүз. Азыр ар ким өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, көпчүлүк учурда туура эмес айдашат. Кеч себишет. Анан үшүккө алдырып, азабын, чыгымын тартышат. Бышпай калат. Кар жаагандан кийин эгин болбой калат. Буудай үшүп калат. Мал жебей коёт. Кыскасы, бул аябай чоң зыян. Карапайым элдин башына түшкөн кайгы болду.

-5 миң гектар аябай эле чоң көлөм да…

– Өтө көп жер. Ал жак 3 миң метрге жакын бийик тоолуу жер. Башка жактан эгин ташуу кымбатка турат. Ошол жерден өндүрүп, жыйып алыш керек. Совет доорунда баары ошол жерден камсыздалып, механизатор коюлчу. Сепкенде да бат себиш үчүн айыл чарба өндүрүшүнүн механизация деңгээли жогору болчу. Азыр тескерисинче, 7% гана механизация, калганы кол менен иштеп жатышат. Ошонун кесепетинен бүгүнкүдөй оорчулукка дуушар болушууда. Жакшы уюштуруп убагында чаап алса, мындай кырсыктан чыгып кетсе болмок. Мындай ишке жол бербей коюуга болмок. Эми келтирилген зыянды жакшы иликтеп, карап чыгуу шарт.

– Азыркы айыл чарба министринин алып барган ишине канааттанып жатасызбы? 

– Мен Кыргыз дыйканчылык илим изилдөө институтунун директору болуп кайра шайланганыма азыраак убакыт болду. Мурда агрардык университеттин курамында болчубуз. Азыр айыл чарба министринин курамында болуп, жакыныраак болуп калдым. Келгенден бери министрдин 3-4 жыйынына катыштым. Чодуевдин баштаган иштери, багыты азыр жакшы болуп турат. Кантсе да мурда беш жылдай министрликте иштеп, сырларын жакшы билет экен. Реформасын ар тараптан баштап, «иштей албасаңар өзүңөр кеткиле” деп жатат. Суу департаменти бөлүнүп кетип, азыр министрликте 850дөй киши эмгектенет. Аларга талапты катуу коюуда. Азырынча мага жагып турат, ары жагы кандай болорун ким билсин. Азыр ички аппараттагы системаны өзгөртүп жатат. Системаны өзгөртмөйүн иш жылбайт экен. Кээ бир мекемелерин бириктирип, кээ бирин жоюуда. “Эң негизгиси өз милдетиңерди аткаргыла” деп талапты так койду. Жалпы жардам берсек, Чодуевдин колунан иш келет деген ойдомун.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: