Энергетикалык компаниялардын жетекчилери күзгү жана кышкы сезонго даяр экенин билдирди. «Электр станциялары» ишканасынын жетекчиси Исланбек Сарсеитов Бишкектин кышкы отунуна 1 млн 140 тонна көмүр керектелерин, анын 700 тоннага жакынын жергиликтүү көмүр жеткирип берүүчүлөр камсыздаарын айтып, бүгүн ЖЭБке 100 тонна келгенин, 400 тонна импорттолуп келерин билдирди. Тендерди казак компаниясын уткан, 17-сентябрда кол коюлмакчы. Ал эми «Кыргызстан улуттук электр тармагынын» генералдык директору Эмил Курманалиев электр торундагы күзгү жана кышкы даярдык 86%га аяктаганын, ШКУ саммити ж.б. иш-чараларга байланыштуу кичине кечигип калганын, бирок калган 14% кышка чейин бүтөрүн убадалады. Улуттук энергохолдингдин башчысы Жолдошбек Ачикеев кышкы сезонго чейин Токтогул суу сактагычына 17,2 млрд суу топтогонго аракеттенерин, учурда 17,1 млрд куб метр суу бар экенин билдирип, кышында көйгөй болбой турганын жарыялады.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ