Menu

Видео – “Бишкек ликёр-арак заводунун” (БЛВЗ) акционерлери депутат Чыныбай Турсунбековдун рейдерлиги боюнча кылмыш ишти кайра жандандырууну талап кылышты

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкекте “Бишкек ликёр-арак заводунун” мурунку акционерлери депутат Чыныбай Турсунбеков арак заводду өз баасынан 3 эсе арзан төлөп, рейдерлик жол менен басып алганы боюнча козголуп, кийин токтоп калган кылмыш ишин кайра жандандырууну талап кылышты.

Анткени 90-жылдардын башында менчиктештирүү башталганда заводдун 70 пайызы мамлекетке өтүп, калган 30 пайызы жумушчуларга бөлүнгөн. Бирок акционерлер өз үлүштөрүн ала албай келишет.

Алардын айтымында, заводду кызыкдар кишилер мыйзамсыз түрдө банкрот кылышкан. Ага Россиялык “Паллас Интернешнл” компаниясы менен заводдун мурдагы директору Жекшен Жаманкуловдун да тиешеси бар. Заводду баалоодо жанга сатууда коррупциялык иштер дагы болгондугун да кошумчалашты.

Акционерлер өздөрүнүн укуктарын коргоо үчүн генералдык прокуратурага арыз жазышкан, бирок териштирүү иштери жүрбөй жатат. Акционерлер “Коррупция менен аёосуз күрөшөм дедиңиз эле, биздин тилегибизди орундатып бериңиз”, – деп Президентке кайрылышты.

Булак: KyrgyzToday.kg            

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: