Бишкекте Октябрь РИИБнин кызматкери ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, окуя былтыр, 22-декабрда, Бишкектеги кафелердин биринин жанында болуп, ок атуу фактысы катталган. 22-декабрда, болжол менен таңкы саат 04:00дө Октябрь РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Э.Ы., Р.С. жана К.А. аттуу адам мас абалда жүрүшкөн. Э.Ы. “Макаров” үлгүсүндөгү табелдик тапанчасы менен М.С аттуу баланы аткан. Милицияга кылмыш иши козголуп, «Бейбаштык» айыбы тагылып, эки айга үй камагына чыгарылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ