– Мадамин мырза, Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна кыргыз-тажик чек арасында жарат алган он киши алынып келинди эле, азыр алардын акыбалы кандай?
– Жарат алгандардын үчөө реанимацияда жатат. Калган жетөөнү бөлүмдөргө котордук. Операция жасалат. Себеби, окторду алыш керек. Жаракат алган дагы бирөөгө гипс жасоо зарыл. Айтор, абалдары жакшы эле. Биздин медиктер кылдат көз салып, карап турушат. Алардын арасында эки аял, бир бала бар.
– Жарат алгандардын баары аскер кишилерби?
-Жок. Алтоо аскер кызматкери, калгандары карапайым жарандар.
– Бир өспүрүм бала да бар экен ээ?
– Ооба. Он төрт жаштагы бир бала бар. Апасы менен көчөдө баратканда ок жаңылыптыр.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ