Кечээ, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда КР Акыйкатчысы Токон Мамытов депутаттардын астында өзүнүн бир жылдык акыйкатчылык ишмердигине отчет берди.
Анда депутат Садык Шер-Ниязов: “Мен ушул баяндаманы окуп атып баш сөзүндө президенттин, парламенттин төрагасынын сөзүн камтыганыңызды көрүп бир аз кооптонуп атам, урматтуу Омбудсмен. Отчет берип атасыз, сиздин эмгегиңиз. Чыңгыз Айтматов дагы чыгармасынын башына эпилог жазчу. Атама, апама арнайм деп. Ошол нерседен улам менде суроо туулат. Эгерде эртең Президент же Жогорку Кеңеш туура эмес мыйзам же указ кабыл алса сиз кандай кыласыз? Биз дагы адам укугуна туура келбеген чечим кабыл алып калышыбыз мүмкүн да”- деп сурады.
Анда Токон Мамытов: “Мындайды мен киргиздим. Бул докладыбыз БУУга чейин барат. Ошондо адам укуктарын оң четке коюшуп, ушул багыт менен иштешет экен деген ойдо болсун дегем. Эгер Президент тарабынан бузулса, албетте, биз милдеттүүбүз табият ошондой. Биз ант берип атканда, сиз бизди шайлап атканда мыйзамда айткансыз, ким болбосун бузса ал маселени көтөрүп сотко, прокурорго анан сизге кайрылабыз.”-деп жооп берди.
Садык Шер-Нияз: “Анын ордуна “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деп жазып койсоңуз болмок. Ал сөзүңүз менен бизди тууган кылып албадыңызбы”- деген оюн кошумчалады.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ