Menu

Видео – Мураталы Тагаев: “Жалал-Абад шаарында жалпысынан 44 ишкана өзүнүн ишин баштаганы турат”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында жалпысынан 44 ишкана өзүнүн ишин баштаганы турат. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев онлайн-брифингде билдирди.

Анын айтымы боюнча, жергиликтүү бийлик ишкерлерге уруксат кагаздарын берүү боюнча шаардын комендантына сунуштарды берип жатат.

“Өкмөт тарабынан бизнес тармагына уруксат берүү 3 этап менен жүрүүдө. 1-май, 11-май жана 21-майдан баштап ишмердүүлүктүн түрлөрүнө уруксат берилет. Өкмөт тараптан уруксат берилди деп, өз алдынча коммерциялык уюмдарды ачпай турууга чакырат элем. 10-майга 9 гана күн калды, чыдап ооруну жеңсек, жай турмушка түшөт элек. Себеби, жергиликтүү бийлик эч бир уруксаты жок өз алдынча ачылган ишканалар боюнча рейддерди уюштурабыз. Анын негизинде, тиешелүү мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Ошондуктан, кайсы бир тармактарды ачууга туура келе турган болсо, сиздер мэрияга кайрылсаңыздар, биз комендантка кайрылып, анан бир пикирге келебиз. Мыйзам талабына ылайык иш алып барсак жакшы болот эле” – деп билдирди Мураталы Тагаев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: