Бишкекте баңги затын мыйзамсыз даярдоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, түндө «Кыргыз темир жолу» Мамлекеттик ишканасынын аймагында «Бишкек-1» станциясында укук коргоо кызматкерлери Сокулук районунун 25 жаштагы тургунун кармашкан. Ал КР Кылмыш-жаза кодексинин 268-беренеси (“Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо”) боюнча шектелүүдө.
Кармалган учурда ал далилдерден арылууга аракет кылып, колундагы баштыкты ыргытып жиберди. Аймакты текшерүү учурунда милиция кызматкерлери 1 кг 365 грамм кара куурай салынган баштык табышкан.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ