Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москальковага кат менен кайрылып, Россиянын Москва облусунун Ступино районундагы “Ложистик Сидоров” логистикалык ишканасынын жөө жүрүүчүлөр көпүрөсүнүн кулап түшкөнүнөн жабыркаган кыргызстандыктардын маселесин өз көзөмөлүнө алууну суранды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал ошондой эле аларга зарыл болгон укуктук жардам көрсөтүүнү жана мүмкүн болуучу социалдык төлөмдөрдүн берилишине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.
Акыйкатчы өз катында Россиянын тергөө органдары тарабынан бул маселенин дыкаттык менен териштирилишин жана бул инцидентке күнөөлүүлөрдү аныктоону жана жабыркагандарга тийиштүү компенсациялардын төлөнүшү маанилүүлүгүн белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ