“Кыргыз тилинде сабаттуу сүйлөп, катасыз жазгандар аз” деп Назаркул Ишекеев билдирди. Анын айтымында, Чүй менен Ысык-Көл облустарынын айрым аймактарында жана Бишкек шаарында мамлекеттик тилге жакшы көңүл бурулбай жатат.
«Бүгүнкү күндө мамлекеттик тилге болгон мамиле абдан жакшы. Мисалы, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында баардык иш кагаздары мамлекеттик тилге өттү. Бул жакшы көрүнүш. Бирок эне тилибиз кеңири жайылганы менен ал тилде туура сүйлөп, катасыз жазгандар аз. Азыркы учурда сабаттуулук маселеси абдан курч турат. Муну тезинен колго алып, көйгөйдү жоюшубуз керек” деди Ишекеев.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ