Menu

Уларбек Шаршеев: “Сүйлөшүүлөр оор болуп, эки тарап бир пикирге келдик”

Бөлүшүү:

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча Тажикстан тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Шаршеевдин айтымында, сүйлөшүүлөр оор болуп, бирок эки жак бир пикирге келген.

“Сүйлөшүүлөр оор өттү. Бирок, жыйынтыгында биз кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өзүнүн дайым орун алган жерлерине кайтарууну, чек араны кайтарууну күнүмдүк тартипте жүргүзүү чечимине келдик. Ошондой эле, ички иштер органдары да Кыргызстандын Максат жана Тажикстандын Оочу-Калача конуштарында биргеликте күзөт кылууну сүйлөшүштү”, – деди ал.

Андан тышкары, Шаршеев билдиргендей, кайсы тарап биринчи ок атканы боюнча аскер прокуратура жана ички иштер органдары тергөө жүргүзүп жатат.

Чек ара кызматынын башчысынын айтымында, Тажикстан тарап чек ара постунун курулушун макулдашылбаган тилкеде жүргүзгөн.

“Биз ал жерди Максат конушуна карайт, биздин жер деп эсептесек, алар аны өзүбүздүн жер деп эсептейт”, – деди ал.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: