Menu

Дүйшөн Керимов: “Бийлик башынан чаташтуу жолго түшкөн да”

Бөлүшүү:

— Дүйшөн агай, сөзүбүздү жакында берилген наам-сыйлыктар жөнүндө баштасак. Анткени, бул багытта сын айтып келатканыңызды билебиз…

– Эми бул боюнча кашкайган чындыкты айтылуу Салижан Жигитов агабыз тээ эгемендиктин алгачкы жылдарында эле айтты, айтканда да “Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай” айтты, жазды. Атаңдынгөрү дунүйө, кыргызда байыртан келген Санчы сынчылык өнөрдүн соңку могикан – алпы андагы жаңы коом тузүлүшү, процесс, прогресс, багыт, иш-аракет, күрөш тууралуу олуядай ой жүгүрткөнүн ортодон чейрек кылым өтсө да аңдап, түшүнө алдыкпы, аттиң… Жок. Баары башынан башталды. Салижан акенин сазүн, акылын, сынын өзүнө “Кожо көрсүн кылып” убактылуу кеңешчиликке дайындай койгон алгачкы президент А. Акаев уккан жок. Ооба, бүгүн О.Ибраимов жыйындарда экилене айтып жүргөндөй, “Аскар Акаев жакшы киши болчу…”. Кашты кере жаркылдап, жакшы сүйлөчү. Ошондо да Москвада сүйлөп турду. А бул жакта кыргызбайлар бири-биринин канатын кыркып, чыгып келаткан күлүгүн омуроого тээп, Президент шайлай албай карайлап турганда, ал кайбарың Москвадан башкача көрүнүп турду. Ошондо саал кайраттанып, Абсамат акебиз өзү болбойт беле, бир аз текеберленбей ийкемдүүлүктү көрсөтүп, Жумгалбек байкебиз болсо болбойт беле, эл-журтунун жүгүн көтөргөнгө белсенип, асмандан түшкөнсүгөн өз алдынчалыктын куттуу милдет жоопкерчилигин аркалаганга белин бууп, ааламга даңктуу агабыз Чыңгыз өзү болсо болбойт беле… Болгон жок, өзбек туугандар айткандай “Шор пешене” эл белек, жаркылдаган Акаев келди да эзелкисин айтпаганда да, “Кыргызды Гизар ашырган…” калмак-ойроттун соңку чапкынындай эл-журтту оңбогондой бүлгүнгө учуратты. Узун сөздүн кыскасы, андагы алп империя СССР республикаларынын ичинен эң эле тонолуп, уурдалганы биз болбодукпу…

– Сыйлык, наамга келели…

– Парадокс! Негедир кайран ошол Союздан жапжалгыз бүлүндүрбөй бүтүн бойдон Акаевдин алып калганы мына ушул “аты улук, супарасы курук” алдамай, теңдемей, жайкамай менен бийлик ариясын айттыруу жана баш ийдирүүнүн төтө жолу, опоңой ыкмасы – орден такмай, наам бермей гана болду. Кайран Акаев, ойрон Акаев ошентип бүтүндөй доорлорду, коомдук түзүлүш – формацияларды аралаштырып, башаламан анархиялуу мамлекет орнотуп салды. Бийлик башынан чаташтуу жолго түштү… Маселен, майда-чүйдөсүн коюп, “Эл Баатыры” наамы берилгендердин тизмесин карайлы, дээрлик баары өткөн социализм заманынын парт. төбөлдөрү, маданият, адабият өкүлдөрү. Алар болгон өнөрлөрүн ошол доордо көрсөткөн, кууралын да, жыргалын да көргөн. Аларды тарыхка, энциклопедияга киргиз, ансыз да айыл-кыштак, мектеп же айла кеткенде бир көчөнү 5-4кө бөлүп жиберип болсо да ат-ысымдарын шыгыратып берип жибер… Ал эми береги эгемендик же рынок, эскиче айтканда капитализмдин жолундагы 50 жылдай мезгил аралыгынан бери ырымга бир “Баатыр” чыгара албай карайлагансып келебиз…

– Чын эле “Баатыр” жок болуп жатса керек да?

– Бар. Бар экенин аңдап тааныган, колдогон прогрессчил бийлик жок, деңгээл жок. Өнүгүү болбосо кайдагы деңгээл?

– Ошол жаңы заман “Баатырларынан” мисал келтирип көрбөйсүзбү?

– Кыска айтам, эсеби маселен, үй-бүлөлүк жупуну жарма суусундугун дүйнөгө алып чыккан ишкер Т. Эгембердиев, Чолпон-Атадагы “Рух Ордо” комплексинин автору Т. Керексизов, демократия жана эркиндик деп Аксыда жана Ак үй алдында атылган азаматтар, ачкачылык жарыялап жан кыйган Ш. Назаркулов,Үзөңгү-Кууш жана Каркыра үчүн камалып жана таяк жеген А. Бекназаров.Д. Садырбаев, Б. Шерниязов, кубаттуу Кытайдан кыйгап “Манас” рух кутун ЮНЕСКОго каттатып келген К. Самаков, 2011-жылдан бери Көчмөндер оюндарын идеялап, демилгелеп, быйылкы жылдын башында бир жарым миңдей кыргызды Сауд Аравиясына алып барып, ак калпак элдин маданиятын ааламга даңазалап, ошончо элди Мекке, Мединага да зыярат эттирип келген жеке ишкер А. Акибаев жана да жакында Кадамжайдын Кара-Таш айылында аскалуу тоону тепчий суу каналын салып, дыйканчылыкты өнүктүрүүнүн демөөрчүсү жана уюштуруучусу болгон жаш жигитти жаңы замандын каарманы, “Баатыры” десек жарашпайбы… Айла жок. Акаевдин орден, медал такмай өнөру өнүксө өнүктү, акыры Атамбаев “Мына эмесе!” деп шоопуруна чейин берип жиберди. Ошол учурда эл аралык белгилүү өнөр ээлери, акын Омор Султанов менен кинорежиссер Болот Шамшиевдин мааракелери көз жаздымда кала берди. Омор Султанов менен Болот Шамшиев неге унутулду? Бая күнү эсептеп атышат, “Алдооч баштыктын” оозун эң кенен ачып, сый ургалдарды оголе арбын тараткан бир жарым жылдык президент Роза Отунбаева эжебиз болуптур.

– “Розанын Баатыры…” деп сиз жазбадыңыз беле? 

– Аны мага Эрнис Турсунов авам айтып берген. Батакөй жазуучу К. Ашымбаевдин байбичеси каза болуп, тажиясында турат элек, дейт. Президент Отунбаеванын колунан “Эл Баатыры” наамын алган Б. Жакиев ортодо сүйлөп атат. Бирөө угат, бирөө укмаксан, бирок романист жазуучу С. Жетимишов адатынча башын бир жагына саал кыйшайтып муюп угуп турат. Аңгыча кадимкисиндей жайдаңдай басып акын Р. Рыскулов келе калып, кыдырата учурашат. Бексултан байке колун берип коюп, сөзүн улай берет. Ошондо кайран Ракең, сайран Ракеңдал маңдайга тура калып: “Мобул турган Сейит прозанын Баатыры жанындагы Бексултан Розанын Баатыры!”деп азилдеген экен.

– Кечээ президент С. Жээнбеков тапшырган сыйлык, наам сиздин жакын көргөн калемдештериңизге да берилбедиби, куттуктадыңыз да?

– Аа, Кубат Жусубалиев менен Карбалас Бакировду айтып жаткан турбайсыңбы… Кубат акем Бакиев бергенде отказ кылган деп угуп суйүнгөм. Эми ал киши да карыды да… Ал эми Карбалас дос бир айча мурда Казакстанга форумга барганыбызда наамга документи даярдалып жатканы тууралуу кыйыткан эле. Ошондо жөн турбай мен да, “Указ чыккандан кийин отказ кылбайсыңбы, үлгү болосуң, бир чети тарыхта каласың?” десем, чок баскандай секирген. Кут болсун дейли, бирок аттиң, менин жаман оюмда мендей эле кедей жашап жүргөн мына ушул Кубат аке менен Карбаласка мындай кур көрсөтмөлүүлүктүн ордуна батыштагыдай материалдык колдоо болсо, шыгына үргүлжү ыңгай болбойт беле… Андан көрөк, качанкы Николай падыша заманындагы эски имаратта ижарада олтурган, сай-сайлаган Жазуучулар Союзуна мамлекеттик камкордук, чыныгы колдоо көрсөтүлсө, оозеки адабияттын шедеври “Манас”, жазма адабияттын генийи Ч. Айтматовду жараткан тил бүгүнкүдөй мүңкүрөбөйт эле, окурмандарыбыз 0,05 пайызга азайган аянычтуу акыбалга келбейт эле?.. Атаңдынгөрү дүнүйө, азыркы 21-кылымдын бийлигине караганда өткөн көчмөн доордун Кыргыз бай-манапчыл бийлиги чыныгы өнөрпозго натыйжалуу колдоо көрсөткөн, ал тургай тагдыр чечээр ажаатын ачып жиберген го…

– Дагы да мисал келтириңиз?

– Мисалы, Алымбек Датка капкайдан барган каргадай Арстанбек акындын өнөрүн угуп туруп, атасын Кокон зынданынан чыгартып берип, өзүн бир жылдай эркелете жанына алып жүрүп, эл-жер тааныткан. Аксылык Сулайманкул болуш Жеңижоктун Көксулуусун күйөөгө кеткен жеринен бир заматта чыгартып алып берген, Сагымбай манасчы Өзбек бийдин чакыруусу менен Чүйгө келип жайлата “Манас” айтып, кайтаарда 400 жылкы айдап кеткен. Кыскасы, кыргыз “Өнөр алды – кызыл тил” деп сөзгө, тилге байланышкан өнөрдү өзгөчө баалаган, кадырлаган, көкөлөткөн. Дегеле адамзат тарыхында “Эң биринчи – сөз болгон” делет, сөздөн басма, китеп чыккан, мыйзам, тартип, илим-билим, демек өнүгүү болгон. А биздечи…

– Агай, калганы эмкиде болсун?

– Мейли, “Балта көтөрүлгөнчө, дөңгөч эс алсын” да…

Жанаркүл Мырзакул кызы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: