Өзбекстан өкмөтү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизди. Ага ылайык 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы адамдарга гана ипотекалык насыя берилет. Буга чейин жогорку курак чектелген эмес.
Документте белгиленгендей, жеке менчик турак жай үчүн ипотекалык насыя 20 жылга эки жылдык жеңилдетүүсү менен берилет. Ал эми мурда 15 жылга алты айлык жеңилдетүү менен берилип келген.
Ипотекалык кредиттин өлчөмү жеткиликтүү турак үйдү баалоо наркынын 90 пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет. Насыянын өлчөмү 90 пайыздан ашпайт.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ