Menu

Фото – Дүйнө чемпионаты 2019: Эркин күрөш мелдештери жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

14-сентябрда Нур-Султан шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталып, анда 103 өлкөнүн миңден ашуун балбаны күч сынашып, 22-сентябрда жыйынтыкталды. Кыргызстандык эркин күрөшүнүн балбандарынын дүйнө чемпионатындагы таймашууларынын жыйынтыктары жана алдыдагы мелдештери тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов баяндап берет.

Бул Нур-Султандагы таймашууларга баам салмак  дүйнө жүзүндө күрөштүн деңгээли өскөнү байкалат. Себеби, илгертен эркин күрөш өнүккөн айрым Азия, Европа, Африка жана Америка өлкөлөрү Токио олимпиадасына жолдомо албай арманда калышты.Америка континентинен АКШ менен Колумбия өлкөсү гана 3 жолдомонун ээси болду. Ал эми Африка өлкөлөрүнөн бирөө дагы жолдомого илинбей калышты. Бул дүйнө чемпионатынын эң  бир өзгөчөлүгү биринчи орундан бешинчи орунга чейин жеңүүчүлөргө 2020-жылы Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга 108 жолдомо ыйгарылмак. Анын 36сы эркин күрөшүнөн жеңүүчүлөргө берилди.  Бул 36 жолдомонун 18ин Европа, 15ин Азия өлкөлөрү  утуп алды.    Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мен деген мыкты балбандардын баары Нур-Султан шаарында багын сынап көрүштү.  2020-жылы дагы Токио олимпиадасына жолдомо алыш үчүн ар бир континенталдык турнирлер болмокчу…

Азия өлкөлөрү  олимпиадага 15 жолдомо алышты

Нур-Султан шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында эркин күрөштүн 10 салмак боюнча 80 өлкөнүн мыкты балбандарынын күч сынашууларына күбө болдук. Кыргызстандан тандалган 8 балбан да багын сынап көрдү. 4 салмакта: 61, 70, 79 жана 92 килограммда олимпиадалык жолдомолор ойнотулбай, дүйнө чемпиондугу үчүн гана күч сынашуулар болду. Ал эми эркин күрөш боюнча 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн 57,65, 74, 86, 97 жана 125 килограмм салмактарда 1-5-орундарга жетүүгө дүйнөнүн мыкты деген балбандары аракет кылышты. Жыйынтыгында 36 балбанга олимпиадалык жолдомолор ыйгарылды. Алардын катарында Кыргызстандан  бир дагы балбан Токио олимпиадасына жолдомо албай, эркин күрөштүн деңгээли төмөндөп, даярдык чийки болуп калганын көрсөттү.

Нур-Султан шаарына аттанаар алдында кыргыз күйөрмандары Улукбек Жолдошбеков, Нургазы Абдуразаков, Илгиз Жакыпбеков, Алигаджи Гамидгаджиев жана Магомед Мусаев Токио олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал дешип, үмүт кылышкан. Спорт адистери да ушул балбандардын даярдыгы мыкты, чеберчилиги жогору дешип, эркин күрөштөн жок дегенде 2-3 жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болоорун божомолдошкон. Бирок алар бул ирет үмүттү актай алышкан жок.

Россия –биринчи, Казакстан-экинчи, Иран -үчүнчү

Байгелүү орундар үчүн күч сынашкан 80 өлкөдөн командалык эсепте эркин күрөш боюнча биринчи орунду Россия, экинчи орунду Казакстан, үчүнчү орунду Иран ээледи. Кыргыз балбандарынан 61 кг салмакта Алмаз Санбеков 9-орунду,  70 кг салмакта Эламан Догдурбек уулу 10-орунду камсыз кылгандыктан Кыргызстан 32-орунга илинди.

Бул Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча Азия континеттиндеги өлкөлөр 15  жолдомого ээ болушту.

Казакстан- төрт, Индия- үч, Иран менен Жапония- экиден, Өзбекстан, Кытай, Монголия жана Сирия бирден жолдомо алышты. Азия өлкөлөрүнүн балбандарынан  97 килограмм салмакта Казакстан гана жолдомо алып, алган мамлекеттер албай арманда калышты.

Арманда калган Азия өлкөлөрү…

Күрөш өнүккөн Түштүк Корея, Таиланд, Вьетнам, Тажикстан, Кыргызстан жана башка Азия өлкөлөрү Нур-Султан шаарында эркин күрөш боюнча 2020-жылкы Токио олимпиадасына бирөө дагы жолдомо албай, бармак тиштеп калышты.

Эмки  2020-жылы февралда Кытайда өтө турган Азия чемпионатында  биринчи жана экинчи орундарды ээлеген балбандарга олимпиадага жолдомо ыйгарылат. Ошондуктан Азия чемпионаты абдан курч мүнөздө өтчүдөй болуп турат. Үй ээси болгондуктан миллиарддаган калкы бар кытайлыктар сөзсүз түрдө үстөмдүк кылаары бышык. Ал эми Нур-Султанда багы ачылбай калган Түштүк Корея,  Таиланд, Вьетнам жана Араб  мамлекеттери Азия чемпионатына мыкты даярдык көрүшөөрү эп болуп турат.  Андан кийин Токио олимпиадасына жолдомо берүүчү Азия континентинин эл аралык турнири Индия өлкөсүндө өтүшү ыктымал. Анда дагы айыгышкан таймашуулар болушу күтүлөт.

Башкалар дагы багын сынап көрүшөөр…

Мына ушул мелдештерде гана кыргыз балбандары Улукбек Жолдошбеков, Нургазы Абдуразаков, Илгиз Жакыпбеков, Алигаджи Гамидгаджиев жана Магомед Мусаев Токио  олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал. Балким башкы машыктыруучу Руслан Маджинов дагы башка балбандарды Эламан Догдурбек уулу, Ойбек Насиров, Алмаз Сманбековду  жана башкаларды да олимпиадалык салмак категорияларында сынап көрүүнү максат кылышы мүмкүн. Бул жигиттерден дагы үмүттү үзбөй, аларга ишеним артып туралы…

Кыргызстандын эркин күрөш федерациясынын президенти, генерал Мелис Турганбаев Нур-Султандагы дүйнө чемпионаттарындагы кыргызстандык балбандардын таймаштарын талдоого алып, каталыктарды эске алуу менен кийинки беттешүүлөргө даярдыкты азыртан баштап, адистер менен кеңешип, бир жыйынтык чыгарат деп ишеним артып туралы.

Дүйнө чемпионатында мурда 3 балбан гана коло байгелүү болгон

Кыргызстандын тарыхында эгемен өлкө болгону эркин күрөш боюнча Кенжебек Өмүралиев, Базар Базаргуриев жана Эламан Догдурбек уулу гана үчүнчү орундарды камсыз кылышып, коло байгелүү болушкан.

Кыргызстан эгемен өлкө болгону эркин күрөшүнүн балбандары 6 жайкы олимпиадалык оюндарга катышканы менен 2008-жылы Бээжинде Базар Базаргуриев  гана коло байгелүү болгон. Анын багына күмүш байге уткан украиналык балбандын кызытма (допинг) колдонгону кийин аныкталып,  коло медаль уткан жапон балбанына анын күмүш медалы ыйгарылып, 5-орунду камсыз кылган Азия чемпиону Базар Базаргуриевге коло байге былтыр гана ыйгарылды.

Эркин күрөш боюнча  2019-жылкы дүйнө чемпионатынын жалпы жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

57 кг
1.Заур Угуев – Россия
2.Сулейман Атли – Түркия
3.Кумар Рави – Индия
3.Нурислам Санаев – Казакстан

61 кг
1.Бека Ломтадзе – Грузия
2.Магомедрасул Идрисов – Россия
3.Рахул Баласахед Авар – Индия
3.Бехнам Эшаг Эхсанпур – Иран

65 кг
1.Гаджимурат Рашидов – Россия
2.Даулет Ниязбеков – Казакстан
3.Исмаил Мусзукаев – Венгрия
3.Баджранг Пуния – Индия

70 кг
1.Давид Баев – Россия
2.Нуркожа Кайпанов – Казакстан
3.Ёнес Алиакбар Эмамичогхайе – Иран
3.Магомедмурад Гаджиев – Польша

74 кг
1.Заурбек Сидаков – Россия
2.Франк Чамизо Маркес – Италия
3.Джордан Барроуз – АКШ
3.Зелимхан Хаджиев – Франция

79 кг
1.Кайл Дуглас Дейк – АКШ
2.Джабраил Хасанов – Азербайжан
3.Таймураз Салказанов – Словакия
3.Гаджи Набиев – Россия

86 кг
1.Хасан Алиазам Язданичарати – Иран
2.Дипак Пуния – Индия
3.Стефан Рейчмуф – Швейцария
3.Артур Найфонов – Россия

92 кг
1.Майкл Кох – АКШ
2.Алиреза Каримимачиани – Иран
3.Алихан Жабраилов – Россия
3.Иракли Мцитури – Грузия

97 кг
1.Абдулрашид Садуллаев – Россия
2.Шариф Шарифов – Азербайжан
3.Кайл Фредерик Снайдер – АКШ
3.Магомедгаджи Нуров – Македония

125 кг
1.Гено Петриашвили – Грузия
2.Таха Акгюль – Түркия
3.Хасанбой Рахимов- Өзбекстан
3.Александр Хотсянивский – Украина

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: