Menu

Помпео уйгурларды Кытайга кайтарып бербөөгө чакырды

Бөлүшүү:

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бардык өлкөлөрдү уйгурларды Кытайга кайтаруу боюнча Бээжиндин талабын четке кагууга чакырды. Уйгурлар Кытайга өткөрүлүп берилсе, аларды репрессия күтүп турганы айтылууда.

Помпео Шинжаң аймагында Бээжин тарабынан жүргүзүлүп жаткан кампаниянын терроризм менен эч кандай байланышы жок экенин, мындай ыкма менен бул өлкө саны аз элдердин маданиятын жана динин жок кылууга аракат жасап жатканын билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы бул тууралуу БУУнун Башкы Ассамлеясынын сессиясынын алкагында Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери менен жолугушуудан кийин айтты.

БУУнун эксперттери менен активисттер кеминде миллион уйгур жана ислам динин туткан башка аз улуттардын өкүлдөрү Шинжаңдагы «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине» жөнөтүлгөнүн билдиришүүдө.

Кытайдын Шинжаң аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрүнүн кармалып жатканы тууралуу кабар 2017-жылдан тарта тарай баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: