Menu

“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден бери казынага 663 миллион сомдон ашык айып төлөндү

Бөлүшүү:

Ички иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте «Коопсуз Шаар» компонентин ишке ашыруу максатында тиешелүү иш чараларды баштаган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Аппараттык программалык комплекстерди көчө-жолдорго орнотуу өз кезегинде жол кырсыктарын, анын оор кесепеттерин азайтууга өбөлгө түзүп, жол кыймылынын катышуучулары арасында жолдо жүрүү маданиятын жогорулатууда. Ошондой эле, жол коопсуздугун камсыз кылуучу бөлүктөрүнүн кызматкерлери арасында коррупциялык, укукка жат көрүнүштөрдү кыскартууга шарт түзө алды. Ал эми жакындан тарта 2-баскычында Республиканын бардык облустарынын жолдорунда болуп жаткан жол кырсыктары катталып жаткан жерлер аныкталып коюлуп, бузууларды каттап көзөмөл жүргүзүлөт.

Кыргызстандын аймагында «Коопсуз шаар» 2019-жылдын 4-март айынан баштап иштеп жатат. «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 2019-жылдын 4-мартынан 2020-жылдын 28-январына чейин 958 миң 859 жол эрежесин бузуулары катталган, транспорт каражаттарынын ээлери тарабынан жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 532 миң 761 бузуулар боюнча токтомдор аткарылды, мамлекеттик казынага 663 миллион 421 миң 575 сом төлөндү. Жалпы бузуулардын 55,6 пайызын түзөт.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке киргизилгенден бери Бишкек шаарынын аймагында жалпы жол кырсыктарынын саны – 65,6 пайызга төмөндөдү, каза болгондор жок, жаракат алгандардын саны -25,0 пайызга төмөндөдү, Чүй облусунун аймагында жалпы жол кырсыктарынын саны -100,0 пайызды төмөндөдү, каза болгондор жок, жаракат алгандардын саны -100 пайыз төмөндөдү.

ИИМ тарабынан жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында эскертүүчү, түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүп келет. 2019-жылдын 4-мартынан баштап, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймактарында аппараттык-программалык комплекс орнотулуп, “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштады (Бишкекте 42 жерге аппараттык комплекс орнотулган, анын ичинде 38 көчө кесилиштеринде, 4 көпүрөнүн алдында. Андан тышкары, жылып жүрүүчү 5 комплекс иштеп жатат). Чүй облусунда жалпы 48 жерге аппараттык комплекс орнотулган (“Бишкек-Ош”, “Бишкек-Нарын”, “Бишкек-Чалдовар”, “Бишкек-Манас аэропорту”, “Бишкек-Кордай” участокторунда). Андан тышкары, 15 жылып жүрүүчү комплекстер иштеп жатат.

Анын алкагында, 2019-жылдын февраль айында Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын имаратында “Мониторинг борбору” ишке киргизилген.

Бүгүнкү күндө, Коопсуз шаар долбоорунун алкагында 306 жерге аппараттык комплекс орнотуу пландалып жатат (266 стационардык, 40 жылып жүрүүчү).

– “Коопсуз шаар” системасын өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу менен, коопсуз көчө, коопсуз район аталыштагы баскычтарга жетүү үчүн Бишкек шаарынын 6 кичи районунда “Коопсуз район” аталыштагы долбоорун 2019-жылдын май айында ишке киргиздик, ал районго 72 даана видео-камералар орнотулуп, коопсуздук көзөмөлдөнүүдө.

Ушундай эле долбоорду ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын 11, 12 жана “Асанбай” райондорунда видео-камераларды орнотуу үчүн, Бишкек мэриясы менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде 3 миллион сом бөлүнүүсү каралууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: