Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдел Азиз Аль-Саудду жана өлкөнүн элин Королдуктун биригүү күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Сауд Арабиясынын Королу, Эки Ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү Салман бин Абдел Азиз Аль-Саудду жана өлкөнүн элин Сауд Арабия Королдугунун улуттук майрамы — Королдуктун биригүү күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Сауд Арабия Королдугунун ортосундагы өз ара колдоого жана ишенимге негизделген кызматташуу эки элдин бакубаттыгы үчүн мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем. Бул салтанаттуу күнү Сизге жана Сиздин үй-бүлөӊүзгө бекем ден соолук, бакыт, ишиӊизге ийгилик, ал эми боордош Сауд Арабия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: