Menu

Фото – Дүйнө чемпионаты 2019: Айымдар эркин күрөш мелдештеринин жыйынтыктары

Бөлүшүү:

14-сентябрда Нур-Султан шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталып, анда 103 өлкөнүн миңден ашуун балбаны күч сынашып, 22-сентябрда жыйынтыкталды. Кыз-келиндер эркин күрөшүнүн балбандарынын дүйнө чемпионатындагы таймашууларынын жыйынтыктары жана алдыдагы мелдештери тууралуу спорттук баяндамачы Кабыл Макешов баяндап берет.

36 жолдомо үчүн айымдардын таймашы

Нур-Султандагы эркин күрөш боюнча кыз-келиндердин таймашууларына талдоо жүргүзсөк  дүйнө жүзүндө айымдардын күрөшүнүн деңгээли өскөнү байкалат. Себеби, жыл өткөн сайын илгертен эркин күрөш өнүккөн айрым Азия, Европа, Африка жана Америка өлкөлөрүндө кыз-келиндердин күрөшкө болгон дилгирлиги артып баратат. Ошондуктан Токио олимпиадасына жолдомо алууга кыз-келиндердин аракети күч болуп, таймашуулары курч мүнөздө өттү. Жыйынтыгында айрым өлкөлөрдүн мыкты деген балбан кыздары, дүйнө, олимпиада чемпиондору Токио олимпиадасына жолдомо албай арманда калышты. Америка континентинен АКШ өлкөсү гана 2 жолдомонун ээси болду. Ал эми Африка өлкөлөрүнөн  Нигерия өлкөсү гана бир  жолдомого илинди. Бул дүйнө чемпионатынын эң  бир өзгөчөлүгү биринчи орундан бешинчи орунга чейин жеңүүчүлөргө 2020-жылы Токио шаарында өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга 108 жолдомо ыйгарылмак. Анын 36сы кыз-келиндер, айымдар эркин күрөшүнөн жеңүүчүлөргө берилди.  Бул 36 жолдомонун 18ин Европа, 11ин Азия өлкөлөрү  утуп алды.    Ошондуктан дүйнө жүзүндөгү мен деген мыкты балбан кыз-келиндердин баары Нур-Султан шаарында багын сынап, олимпиадалык жолдомо үчүн курч таймашуулар болду. Эми арманда калган айрым айымдар  2020-жылы дагы Токио олимпиадасына жолдомо алыш үчүн ар бир континенталдык турнирлер болмокчу…

Азия өлкөлөрүнүн айымдары олимпиадага 11 жолдомо алышты

Нур-Султан шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндердин  эркин күрөшүнүн 10 салмак боюнча 55 өлкөнүн мыкты балбандарынын күч сынашууларына күбө болдук. Кыргызстандан тандалган 4 балбан да багын сынап көрдү. 4 салмакта: 55, 59, 65 жана 72 килограммда олимпиадалык жолдомолор ойнотулбай, дүйнө чемпиондугу үчүн гана күч сынашуулар болду. Ал эми эркин күрөш боюнча 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн 50,53, 57, 62, 68 жана 76 килограмм салмактарда 1-5-орундарга жетүүгө дүйнөнүн мыкты деген балбан кыз-келиндери аракет кылышты. Жыйынтыгында 36 балбан айымга олимпиадалык жолдомолор ыйгарылды. Алардын катарында Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, эгемен өлкө тарыхында дүйнө чемпионатынын алтын медалын уткан Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, даңазалуу балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова да болуп, алтын байгеге менен бирге Токио олимпиадасына жолдомо алып, кыргыз журтчулугун кубанычка бөлөдү. Кыргыздын кыз-келиндер эркин күрөштүн деңгээли өсүп, даярдык мыкты болгонун Айсулуу айкын  көрсөтүп, эр-азаматтар жетпеген спорттук бийиктикти багындырды. Айсулуунун бул жеңишке жетүүсүнө Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, башкы устат Нурбек Изабековдун салымы, мээнети тоодой!!!

Кыргыздын балбан кыздарынын келечеги алдыда

Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын намысын 4 балбан кыз коргоп, мөрөй талашса, анын үчөө гана олимпиадалык категорияда күч сынашты. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы. Ал эми Мадина Надирова болсо олимпиадалык салмак категориясына кирбеген 55 килограмм салмакта күрөштү.

Нур-Султан шаарына аттанаар алдында кыргыз күйөрмандары  2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарында өспүрүм кыздар арасында дүйнө чемпиону болгон, жаштар арасында 2018-жылкы Азия чемпиону, 2018-жылы Индонезияда өткөн 18-Азия оюндарынын коло байге ээси Айпери Медет кызы менен быйыл жайында Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында күмүш, 16-августта Эстонияда өткөн өспүрүм кыздар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынып келген жаш балбаны кызыбыз Нураида Анаркулова  да Токио олимпиадасына жолдомо алып калышы ыктымал дешип, үмүт кылышкан. Спорт адистери да ушул  эки балбан кызыбыздын даярдыгы дурус, чеберчилиги жогору дешип, экөөнүн бирөө да  жолдомо алууга мүмкүнчүлүк болоорун божомолдошкон. Бирок алар бул ирет жаштык кылышып үмүттү актай алышпаганы менен чоң тажрыйба топтоп, дүйнөлүк таймашуунун таасирин сезип келишти. Бул балбан кыздарыбыздын келечеги кең, алдыда дагы далай таймашуулары турат. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековадан таалим-тарбия алышып, аны үлгү, өрнөк кылышып, далай ирет кыргыз күйөрмандарын сүйүнтөт деген ишеним бар. Мындан тышкары жаракат алып калгандыктан жаштар арасындагы Азиянын үч жолку чемпиону, өспүрүм кыздар арасындагы дүйнө биринчилигинин күмүш байге ээси, Азия оюндарынын коло медалын уткан Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпионатына катышпай калды. Кудай буйуруп жаратынан жакшы сакайып кетсе, Мээрим да Токио олимпиадасына жолдомо алуу үчүн келээрки жылы Азия чемпинонатына катышып калышы ажеп эмес.  Балким машыктыруучулар, спорт адистери кеңешип, 55 килограмм салмакта күрөшкөн Азия чемпионатынын коло байге ээси Мадина Надированы кийинки Азия чемпионатында 53 же 57 килограмм салмакта байкап көрүп, олимпиадалык жолдомо үчүн багын сынап көрүшөөр. Бул менен жеке пикирим. Бул жана жогоруда айткан дагы коомчулукка билинбей жүргөн таланттуу кыздарыбыдан дагы үмүттү үзбөй, аларга ишеним артып туралы…

 Командалык эсепте Жапония –биринчи, Россия-экинчи, АКШ -үчүнчү

Байгелүү орундар үчүн күч сынашкан 55 өлкөдөн командалык эсепте айымдардын эркин күрөшү боюнча биринчи орунду Жапония, экинчи орунду Россия, үчүнчү орунду Америка Кошмо Штаттары ээледи. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан кызыбыз Айсулуунун алтын байгесинин аркасы менен  командалык эсепте  Кыргызстан 11-орунга көтөрүлдү.

Бул Нур-Султан шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында  кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча Азия континеттиндеги өлкөлөр 11  жолдомого ээ болушту.

Жапония- төрт, Кытай- эки, Кыргызстан, Казакстан, Индия, Монголия жана Түндүк Корея бирден жолдомо алышты. Азия өлкөлөрүнүн балбан кыздарынан Жапония айырмаланып, айымдар күрөшүнө өзгөчө көңүл буруп жатканы айкын болду. Себеби, 2020-жылы Токио шаарында өз жеринде өтө турган олимпиадалык оюндарда байгелүү орундарды камсыз кылуу үчүн азыртан мыкты даярдык көрүп жатышканын далилдей алышты.

Арманда калган Азия өлкөлөрүнүн айымдары

Күрөш өнүккөн Түштүк Корея, Таиланд, Вьетнам, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка Азия өлкөлөрү Нур-Султан шаарында кыз-келиндер эркин күрөш боюнча 2020-жылкы Токио олимпиадасына бирөө дагы жолдомо албай, бармак тиштеп, келме кезегин күтүп калышты.

Эмки  2020-жылы февралда Кытайда өтө турган Азия чемпионатында  биринчи жана экинчи орундарды ээлеген балбандарга олимпиадага жолдомо ыйгарылат. Ошондуктан Азия чемпионаты абдан курч мүнөздө өтчүдөй болуп турат. Үй ээси болгондуктан миллиарддаган калкы бар кытайлыктар сөзсүз түрдө үстөмдүк кылаары бышык. Ал эми Нур-Султанда багы ачылбай калган Түштүк Корея,  Таиланд, Тажикстан, Вьетнам жана Араб  мамлекеттери Азия чемпионатына мыкты даярдык көрүшөөрү эп болуп турат.  Андан кийин Токио олимпиадасына жолдомо берүүчү Азия континентинин эл аралык турнири Индия өлкөсүндө өтүшү ыктымал. Анда дагы айыгышкан таймашуулар болушу күтүлөт.

Кыз-келиндер эркин күрөшү боюнча  2019-жылкы дүйнө чемпионатынын жалпы жыйынтыгы төмөнкүдөй болду.

50 кг
1.Мария Стадник – Азербайжан
2.Эмилия Алина Вук – Румыния
3.Екатерина Полещук – Россия
3.Валентина Исиаилова – Казакстан

53 кг
1.Ёнг Ми Пак – Түндүк Корея
2.Маю Мукайда – Жапония
3.Винеш Винеш – Индия
3.Кианью Панг – Кытай

55 кг
1.Джакарра Винчестер – АКШ
2.Нанами Ирие – Жапония
3.Ольга Хорошавцева – Россия
3.Болортуя Бат Очир – Монголия

57 кг
1.Рисако Каваи – Жапония
2.Нингнинг Ронг – Кытай
3.Одунайо Адекуорое – Нигерия
3.Ирина Курочкина – Белорусь

59 кг
1.Линда Мораис – Канада
2.Любовь Овчарова – Россия
3.Шоовдор Баатарджав – Монголия
3.Хингру Пей – Кытай

62 кг
1.Айсулуу Тыныбекова – Кыргызстан
2.Тайбе Мустафа Юсеин – Болгария
3.Юкако Каваи – Жапония
3.Хенна Катарина Йоханссен – Швеция

65 кг
1.Ирина Тражукова – Россия
2.Ирина Коляденко – Украина
3.Элис Манолова – Азербайжан
3.Хиаокьян Ванг – Кытай

68 кг
1.Тамара Мариама Менсах – АКШ
2.Ева Мария Франсон – Швеция
3.Баттсетсег Соронзонболд – Монголия
3.Анна Кармен Счелл – Германия

72 кг
1. Наталья Воробьева – Россия
2.Алина Стадник – Украина
3.Масако Фуруичи – Жапония
3.Палиха Палиха – Индия

76 кг
1.Аделин Мария Грей – АКШ
2.Хирое Минагава Сузуки – Жапония
3.Алина Роттер Фокен – Германия
3.Эпп Маее – Эстония

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: