Menu

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Беларусиянын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Беларусия Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар алдыдагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча кыргыз-беларус биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйынын өткөрүүнү талкуулашты.

Вице-премьер-министр өкмөттөр аралык комиссиясынын Кыргызстан жана Беларусиянын ортосундагы өз ара пайдалуу экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана соода жүгүртүүнү көбөйтүүгө багытталган негизги ролун белгиледи. Ошондой эле анын төрагалыгынын статусунун республикалардын вице-премьер-министрлерине чейин жогорулатылышы өкмөттөр аралык органдын ишине оң таасир берерине ишеним билдирди.

Ошону менен бирге ал баса көрсөткөндөй, тараптардын алдыдагы жыйынга дыкат даярдануулары, анын мазмундук бөлүгүн кооперация өндүрүшүн уюштуруу жана өнөр жайды өнүктүрүү жаатында кызматташуу боюнча конкреттүү сунуштар менен толтуруу маанилүү болуп саналат.

Элчи Андрей Страчко өз кезегинде беларус тараптын кыргыз делегациясын кабыл алууга даярдыгын билдирди. Ал өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү үчүн беларус тарапка ылайыктуу күндү белгилеп, иш-чарага даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымдады. Ал ошондой эле өнөр жай, транспорт жана машина куруу чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү боюнча демилгелер менен анын күн тартибин жана протоколдун долбоорун толтуруу зарылдыгын белгиледи.

Тараптар ошондой эле эки жактуу кызматташтык боюнча кыргыз-беларус алакаларын талкуулашты. Өлкөлөрдүн интеграциялык биримдиктин жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттешүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Мындан тышкары жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосундагы маданий диалогду активдештирүү жана келечекте Беларусь Республикасында Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасында  Беларусь Республикасынын Маданий күндөрүн өткөрүү планы өзүнчө талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: