Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына таянсак, августтун аягында, Москва облусундагы машина токтотуучу жайдагы жерден 51 жаштагы кыргызстандык аялдын сөөгү табылган. Анын киши колдуу болгонун экспертиза аныктаган. Бул окуя боюнча факты катталып, шектүү катары маркум менен чогуу жашаган 54 жаштагы А.А. адам кармалган. Ал Ош облусунун тургуну болуп чыккан, ага «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Алдын ала маалыматка караганда, шектүү чогуу жашаган аял менен уруша кетип, аны муунтуп, өлтүргөн. Ал изин жашырып, качып кеткенден кийин, ага издөө жарыяланган. Урушка кызганыч себеп болгону айтылууда.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ