Menu

Төлөгөн Рахманбекрди уулу: «Резонанс болгон окуя боюнча айтсам, тапанча менен бутума кокустан өзүм атып алгам”

Бөлүшүү:

22-сентябрда, таңга маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында мушташ болуп, ок атылганы, анда Араван райондук милициясынын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулуна ок тийип, жаракат алып, ооруканага түшкөнү маалым болгон. Аны өзү менен кошо машыгып жүргөн, эрежесиз мушташтын чебери, бир нече эл аралык мелдештин жеңүүчүсү Кылыч Саркарбаев атканы айтылган.

Бирок, мындай маалыматты Төлөгөн Рахманберди уулу четке какты. Ал андагы окуянын чоо-жайын айтып берген видео тарады. Анда ал: “Бул окуя резонанс болуп кетти окшойт. Билбейм, аны кимдер кылып жатат? Окуя боюнча айтсам, 21-сентябрь күнү кечинде Алтынбек, Бекболот деген инилерим мага келишкен, алар менен машинада сүйлөшүп отургам. Анан Бекболот тапанча таап алганын айтты. Мен милициянын мурдагы кызматкеримин да. Тапанчаны текшерейин десем, ичинде ок бар экен. Кокустан басып алдым, бутума (саныма) ок тийди. Ошол боюнча ооруканага жеткирилдим, Бекболоттор кетти. Эми бул боюнча ар ким ар кандай ушактарды чыгарып жатат. Кылыч Саркарбеков экөөбүздүн илгертен эле мамилебиз жакшы, ага-инилик мамилебиз бар. Мамилебиз азыр деле жакшы. Ошол, мен окуянын ток этээр жерин айттым окшойт”, – деп бүтүргөн сөзүн.

Эскерте кетсек, 22-сентябрда таңга маал Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгон. Анда эрежесиз мушташтын чебери Төлөгөн Рахманберди уулу жараат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Оорукананын травматология бөлүмүнүн башчысы Алмаз Маматалиев анын жоон санына ок тийгенин айткан.

Оштогу ок атышкан окуя боюнча иликтөө жүрүп жатканын ИИМдин маалымат кызматы бүгүн билдирди. Алардын айтымында, Кылмыш кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси боюнча иш козголуп, күбөлөр суралып жатат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: