– Алтынбек мырза, аз күн мурда “Кыргызстан” партиясынын съезди болуп өттү. Азырынча бул саясый топко коомчулуктун назары бурулууда. Сиздин көз карашыңыз кандай?
-“Кыргызстан” партиясы түптөлгөндөн бери алардын лидерлери менен түз көз караштамын. Керек болсо тилектеш да болуп, саясатта чогуу келатабыз. Негизинен “Кыргызстан” партиясына ниетим түз. Элге кызмат кыла турган мекенчил жигиттер бар…
– Эмдиги жылкы парламенттик шайлоодо “Бир Бол” партиясынын шансы жок экенин божомол кылгандар болууда. Күчүңүз жетеби?
– Азырынча өзүбүзгө ишеним күч. Эч кандай саясый топтор менен кошулууну сүйлөшө элекпиз.
– Учурдагы фракцияңыздагы депутаттар менен кайра шайлоодо утуп келүүгө ишенип атасызбы?
– Биз фракциядагы депутаттар менен гана чектелбейбиз. Артыбызда өсүп келе жаткан жаш муундарга жана элибизге таянабыз.
– Сиз “Ата Мекен” партиясы менен биригип кетпейсизби? Себеби, Өмүрбек Текебаевге мамилеңиз , жакшы экенин байкайм…
– Жо-ок. Азырынча андай биригүүлөр планда жок. Өмүрбек Чиркешовичти саясатчы катары баалайм. Үлгү алабыз… Бирок, “Бир Бол” партиясы парламенттик шайлоодо өз алдынча аттанат…
Асланбек Сартбаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ