Menu

Кыргызстан менен Түркиянын соода жүгүртүүсү 1 млрд. долларга жетеби?

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 млрд. долларга жеткирүүнү көздөйт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-түрк ишкерлеринин Бишкек форумунда билдирди.

Форумда президент түркиялык инвесторлорду Кыргызстанга чакырып, алардын коопсуздугуна кепилдик берди. Айрым эксперттер инвесторлордун Кыргызстанга тартылбай жатышын эки өлкөнүн ортосундагы солгун мамиле менен байланыштырып келатышат. Президент форумдагы сөзүндө Түркия Кыргызстанга эгемендик жылдары 600 миллион доллардан ашык түз инвестиция тартканын белгилеп, «Кыргызстан – инвестиция салууга эң ыңгайлуу өлкө. Бизде бизнести каттоо өтө жөнөкөйлөштүрүлгөн, үч күндүн ичинде бизнес ачса болот. Жаңы түзүлгөн ишканалар үч жылга чейин текшерүүдөн бошотулду. Айрыкча быйыл бизнести негизсиз текшерүүнү кескин азайттык. Кыргызстанда инвестордун активдери жана менчиги кол тийгис. Кыргыз мамлекети буга толук кепилдик берет” деп билдирди.

Түркия Кыргызстанга негизинен кен, курулуш, жол куруу, жеңил өнөр жай, билим берүү багытында инвестиция жумшап келе жатканы белгилүү. Маселен, Кыргызстанга сырттан ташылган кездеменин 20-25 пайызы Түркиядан келет.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: