Menu

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусуна иш сапары

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 26-сентябрда, иш сапары менен Ысык-Көл облусунда болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушту. Сооронбай Жээнбеков анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары, өлкөнү өнүктүрүүнүн алдыңкы милдеттери жөнүдө кеңири айтып берди.

Жолугушуу «суроо-жооп» форматында өттү. Жергиликтүү жашоочулардын суроолоруна Мамлекет башчысынын Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен баарлашуусуна катышкан тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери дагы жооп берди.

4 сааттан ашуун созулган Президент менен болгон жолугушууда айылдыктар жергиликтүү бийликтин укуктарын кеңейтүү, жерлерди трансформация кылуу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, мектептерди, бала бакчаларды, медициналык жана маданий объектилерди куруу, окуу китептеринин жетишсиздиги, жолдорду оңдоо ж. б. маселелерди көтөрүштү. Айрым катышуучулар жеке мүнөздөгү суроолор менен кайрылышты.

Суроо берүүгө үлгүрбөй калган айылдыктар жолугушуу аяктагандан кийин кайрылуу-каттарын Сооронбай Жээнбековдун өзүнө беришти.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык объектилерди куруу долбоорлору, Тилекмат айылындагы «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун ишмердиги менен таанышты.

Иш сапардын соңунда Мамлекет башчысы Жениш айылындагы мөмө-жемиштердин ар кайсы сортторун өстүргөн питомникке барды. Бул жакта Ысык-Көл облусунун айыл чарба продукциясынын жарманкеси да өттү. Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев аймактын айдоо жерлерин колдонуу жана түзүмү жөнүндө айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү фермерлер менен баарлашып, өлкөнүн агрардык тармагынын, аймактарды өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: