Кечээ, 26-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Кубанычбек Жумалиев Кыргыз улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкерлеринин маянасын 30 пайызга көбөйтүш үчүн 428 кызматкер кыскартылганына байланыштуу пикеттер уюштурулганы жатканы жөнүндө маалымат тараткан. Бул маселе боюнча КР УИАнын президентинин окумуштуу
катчысы Аскар Медетов төмөндөгүлөрдү билдирди:
“Оптимизация процесси илимдер академиясында акыркы үч-төрт жылдан бери жүргүзүлүп келатат. Мында бир да илимий кызматкердин укугу бузулган эмес, анткени ар кандай себептер менен өз арызы менен иштен бошогон кызматкерлердин ордуна жаңы кызматкерлер алынган эмес. 428 орун мына ушундай эволюциялык жол менен кыскарган. Айлыкты көбөйтүү максатында бир да илимий кызматкер кыскартылган жок. Көбөйгөн эмгек акынын 10 пайызы Өкмөт бөлгөн каражаттын эсебинен, ал эми 20 пайызы академиянын үнөмдөлгөн ички резервдеринин эсебинен кошулду. Академиянын институттарында иштин ыргагы бузулбай илимий-изилдөөлөр жүрүп жатат, пикет тууралуу эч кандай сөз жок. Кыязы, депутат Кубанычбек Жумалиевге туура эмес, жалган информациялар берилген. Чындыкка дал келбеген, текшерилбеген маалыматтар Жогорку Кеңештин трибунасынан айтылып, таратылганы өкүнүчтүү”, – дейт Аскар Медетов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ