Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Евразия кант ассоциациясынын аткаруучу директору Андрей Бодин кант тармагындагы абал жана анын өнүгүшүн талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мамлекет жана кант кызылчасын кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжасында, акыркы жылдары шекерди өндүрүүн көлөмү өсүп жатканын белгиледи.
«2017-208-жылдары бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Россия Федерациясында кантты импорттоонун шартына байланыштуу, шекердин баасы ичкы рынокто арзан болду. 2018-жылы ата мекендик заводдор өндүргөн шекер өздүк наркынан да төмөн болгон. Канттын дүң баасы, сатуудан алынуучу салыкты кошкондо орто эсеп менен 34-35 сомдон бааланды. Ошондой эле шекердин импорттолушу кант өндүрүшүнүн чыгашасынын 8-11% га көбөйүүсүнө алып келди. Бул ЕАЭБдин жана КМШ өлкөлөрүнүн алкагындагы эркин товар алмашууну эске алганда, канттын дүйнөлүк жана аймактык баасынын төмөн болушу ишканаларга кыйынчылыкты алып келүүсүн шарттайт», – деди Жеңиш Разаков.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кант өндүрүшү тармагындагы кызматташууну жана даяр продукцияны сатуу үчүн рынокту кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Белгилей кетсек, акыркы 2 жылда өлкөдө кант кызылчасынын аянты 3 эсе көбөйдү, ал эми анын түшүмүн жыйноо боюнча айтсак, орто эсеп менен 185 миң тоннадан 570 миң тоонага чейин көбөйдү.
2016-жылдарга чейинки аралыкта Кыргыз Республикасында колдонулган канттын 80% импорттолуп келчү. 2016-жылы 67,7 миң тонна, 2017-жылы 102, 2 миң, 2018-жылы 122,2 миң тонна шекер өндүрүлүп, өлкөнүн керектөөсүн толук камсыз кылган. Биринчи жолу 19 миң тонна шекер экспорттолуп, бюджетке түшүүлөр 19% жогорулады же 430 млн сомду түздү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ