Таиланддагы кичинекей айылдардын биринде 128 жаштагы Орна Парнчомпу аттуу жаран жашайт. Ал учурда өзү басып турат жана убактысынын көп бөлүгун жакындары менен өткөргөндү жакшы көрөт. Ал кишинин 128 жашка толгондугун анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү далилдейт. Факт боюнча ал 1891-жылы жарык дүйнөгө келген. Эгер бул маалыматтардын тууралыгы анык болсо, анда ал дүйнөдөгү эң кары адам катары гана таанылбай тескерисинче эң көп жыл жашаган адам катары да тарыхта калат. Орна Парнчомпу 70 жаштагы жубайы менен 7 баланы тарбиялып, 11 небере көргөн. Учурда жакындары менен Таиланддын түндүк чыгыш бөлүгүндө өмүр сүрүп келет. Ал өзүнүн 128 жаш узак жашоо боюнча сырын ар дайым душ кабыл алып жана физикалык көнүгүүлөрдү күн сайын калтырбай жасагандыгы менен түшүндүрөт. Орна өз өмүрүндө бир жолу дагы олуттуу сыркоолобогондугун жана ден соолугу ар дайым мыкты болгондугун айтат. Анын туулган жылы тууралуу маалыматты Таиланддын башкаруу бийлигине көргөзгөндө алар ишенүүдөн баш тартышкан. Орнаны туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө туура эмес маалымат жазган деп айтышууда.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ