Бүгүн, 30-августта, АКИ-прессте “Кыргызстан эл биримдиги” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү пресс-конференция беришти.
Аталган партиянын мүчөсү, куудул, ырчы Борончу Кудайбергенов Жогорку Кеңештин курамын жаштар менен жаңылоо үчүн парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү керектигин айтты. “Депутаттар өз ыктыяры менен тарап кетишсе жакшы болмок. Алар 30 жылдан бери парламентти менчиктештирип алышкандай. Атүгүл мураскерлерин калтырып кетип жатышпайбы. Аларды эл шайлайт, бирок, Ак үйгө баргандан кийин жуурулушуп, тууган-туушкан болуп чыгып жатышат. Ошентип 30 жылды өткөрүп жибердик. Айланайындар, пенсия чыгып, төрдө чай ичип олтургулачы. Эми жаштар келсин да. Ишбилги жаштар келип, өлкөнү өнүктүрбөсө болбой калды. Мисалы, тажик-кыргыз чек арасындагыдай окуялар болгондо, ал жерге бир дагы депутат басып барбады, ал эми аш-тойлордон калышпайт”, – деп сүйлөп, азыркы депуттарды кийинки шайлоого катышпай коюшун суранды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ