Menu

Вашингтондо Кыргызстандагы диний эркиндиктин абалы талкууланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 30-сентябрда Вашингтон шаарында Министр Чыңгыз Айдарбековдун АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык диний эркиндик маселелери боюнча Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчиси Сэмюэль Браунбэк менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Адам укуктарын, анын ичинде, диний эркиндикти камсыз кылуу бөлүгүн коргоону жана сактоону Кыргызстан жактаары Министр тарабынан баса белгиленди.
С.Браунбэк, өз кезегинде, демократиялык өнүгүү жана диний эркиндикти сактоо маселелеринде Кыргыз Республикасынын региондогу лидерлик ролун белгилеп, Кыргызстан бул багытта өз прогрессин улантаарына ишеним артты.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: