Menu

Фото – Кыргыз тилинин 30 жылдыгына жана Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына байланыштуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги иш-чара өткөрдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 30-сентябрь күнү Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн астындагы Эл аралык мамилелер жана чет өлкөлөр боюнча достук мамилелелр боюнча комитететинин сарайында Кыргыз Республикасынын Кыргыз тили – мамлекеттик тил болуп кабыл алгандыгына 30 жыл маарекесинин алкагында жана Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилик тарабынан иш-чара уюштурулду. КРнын ӨРдагы Элчилигинин басма сөз  кызматы билдирди.

Иш-чарага Кыргыз Улуттук Маданий борборунун төрагасы Р.Джаббаров, «Узбекистан-Кыргызстан» достук коому, Эл аралык мамилелер жана чет өлкөлөр боюнча достук мамилелелр боюнча комитететинин өкүлдөрү жана Ташкент облустарындагы Паркент, Боко районундагы кыргыз мектептеринде окуган окуучулар, ошондой эле Кыргыз Маданий борборунун активисттери катышты.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов өз сөзүндө Кыргыз тили жана маданияты сакталып, укумдан тукумга өтүшү маанилүү экендигин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Элчи И.Жунусов жана Элчиликтин кызматкерлери кыргыз тилинде Кыргыздын улуу акындарынын ырларын окушуп айтып беришти. Ал эми окуучулар тараптан «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып жана башка ырлар окулду.

Майрамдык салтанатта Өзбекстандагы кыргыз мектептеринин окуучуларынын аткаруусунда ырлар жана бийлер көрсөтүлдү. Иш-чаранын соңунда Ч.Айтматовдун чыгармаларынын (кыргызча) толук тому белекке берилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: